Чубак Жалилов Бишкек ШИИББинде 6 саат суракка алынды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына анын жактоочусу Акин Токталиев билдирди. Анын айтымына караганда, ал 2-декабрда эртең менен саат 9:30да башталган сурактан саат 15:30да чыккан.
"Чубак Жалиловду мыйзамдуу түрдө чакырышпастан, кабары жок Ысык-Көлдө жүргөн жеринен мажбурлап алып келишти. Андан сырткары мыйзамда көрсөтүлгөндөй 4 саатка чейин эле суракка алышпай, 6 саат сурак жүргүзүштү. Аны укук коргоочу Азиза Абдрасулова жана депутат айымдар Аида Касымалиева, Эльвира Сурабалдиеванын арызынын негизинде суракка алышыптыр. Сурак учурунда жогору жактагы бийлик өкүлдөрүнө көрсөтүлөт деп баштан-аяк видеого тартышты. Тергөөчүдөн сырткары 6-7 милиция кызматкери суракка катышты. Бул кадамдар Чубак Жалиловго карата ачык саясий-чагымчылдык аракеттер", - дейт Акин Токталиев.
Андан сырткары ал сурак бүткөн соң Чубак Жалиловдон "тергөөчүнүн уруксатысыз Бишкек шаарынын аймагынан чыкпайм" деп тил кат жаздырып алышканын кошумчалады.
Айта кетсек, буга чейин диний ишмер Чубак Жалилов элден келген суроолорго жооп берип жатып, экинчи аял алганын айткан. Бул маалыматты ал SUPER.KG порталына да тастыктаган болчу.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 153-беренесинде "Эки же андан көп аял алганда, башкача айтканда, жалпы чарба жүргүзүп, эки же андан көп аялдар менен чогуу жашаганда, эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат" деп жазылган.