“Нарын облусунда коомдук-саясий абал тынч. 30-майда митингчилер тарабынан бузулган Нарын ОИИБинин тосмосу оңдолду”,- деди аймактык кабарчыбыз Гүлжан Асанкожоева. Эске салсак, 30-майда Нарын ОИИБинин имаратынын тосмосун бузуп кирген митингчилер аталган мекеменин башчысы Нарынбек Молдоисаевди иш ордунан кетиришип, анын ордуна мурда ОИИБинин башчысынын орун басары болуп иштеген Махабат Жумаев дайындалган. Белгилей кетсек, нааразычылык акциясы Молдоисаевдин ИИМдин чечими менен аталган кызматка кайрадан дайындалышынан улам жаралган болчу.