Ош менен Тажикстандын Хорог аймагын байланыштырган унаа жолу эң кооз жолдордун тизмесин толуктады

Ош менен Тажикстандын Хорог аймагын байланыштырган унаа жолу эң кооз жолдордун тизмесин толуктады. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматта жазылгандай, британиялык The Calvert Journal басылмасы бул жолду мурунку Советтер союзунун аймагында эң кооз жолдордун катарына кошкон.

Тизмеде эң биринчи орунда Румынияда Валахия жана Трансильванияны байланыштырган Трансфэгэраштык шоссе турат. Экинчи орунда Далмациянын жээгин бойлой өткөн Хорватия менен Черногорияны байланыштырган унаа жолу. Тбилиси жана Владикавказды байланыштырып турган жол үчүнчү орунга татыса, төртүнчү орунду Новосибирск облусунан Монголиянын чек ара аймагына чейин жаткан жол ээлеген.

Ал эми Ош, Хорог жана Дүйшөмбүнү байланыштырып турган жол бул бешилтикти жыйынтыктаган. Бул унаа жолдун узундугу 700 чакырымды түзөт.

Эскерте кетсек, Ош менен Тажикстандын Хорог аймагын байланыштырган унаа жолу "National Geographic" боюнча эң кооз жолдордун тизмесинде 2-орунга ээ болгон. Бул тууралуу аталган журнал 28-февралда жазып чыккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Sagyn.91
2017-12-09 13:26:49
Чыныгы кооздуктун баары Кыргызстанда.
+9
Mehazahn57
2017-12-09 13:41:27
Алайдын жолу чындыгында абдан кооз
+9
Isco23
2017-12-09 14:59:17
Mehazahn57,жердеш окшойбуз аа))
+3
Isco23
2017-12-09 13:44:13
Беркилердин суротторун жайгаштырып койсонор жакшы болмок список кылып
+6
bars06
2017-12-09 16:30:29
Ош-Кызыл-Кыя жолу качан ондолот?
+3
Bolotbek1991
2017-12-10 07:56:40
Чындыгында соонун жолдор
+2
jemile
2017-12-10 12:15:12
Талдые 3600 м
+1
Kari
2017-12-17 17:57:33
Алайдан жолу чындыгында ото кооз.Дагы бир жолу корот бекем.Арчатынын жытынын буркураганы,Муздуктун сууктугу, Ак босого,Талдыктын ийри- буйру жолдору.Озунчо эле керемет.Сары-Таштын эки айрылыш жолу.
0
Aipusya_t
2017-12-17 22:19:50
Алайым деп мактанам сулуулука суктанам.ээх биздин Кыргызстан биз учун бейиш сымалгоо,Аллахыма мин мерттебе рахмаат ушундай кооз жерде жаратканына.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан