Жалал-Абад: Ош-Бишкек жолу тосулуу бойдон. Унаалардын саны улам көбөйүүдө

Ош-Бишкек жолунун Жалал-Абаддын Барпы айыл аймагындагы тосулган бөлүгү ачыла элек, жол ортосуна төгүлгөн шагылдар ошол бойдон турат",- деп билдирди аймактык кабарчыбыз Гүлжан Эшбаева. Учурда "ата журтчу" депутаттардын тарапташтары унаа жолдун ар кайсы жеринде топ-топ болуп турат. Унаалары жолдон өтө албай калган жүргүнчүлөр тосулган жерден жөө өтүшүп, андан ары башка унаалар менен жолун улап жатышыптыр. Мисалы, Ошко бара жаткандарды Ош тараптан келген таксилер тосуп алышып үйлөрүнө жеткирүүдө. Абал тынч. Өтө албай турган унаалардын арасында оор жүк ташуучу КаМАЗдар көп. Жолдо тургандардын саны айдоочу, жүргүнчүлөрдү, укук коргоо кызматкерлерин кошкондо 2 миңдей адам.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан