Бишкекте Мерседес үлгүсүндөгү машина күйүп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 11-декабрда SUPER.KG порталына Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, өрт кырсыгы кечээ, 10-декабрь күнү Бишкектин Шабдан баатыр жана Горький көчөлөрүнүн кесилишинде катталган.
"Өрт кырсыгы тууралуу маалымат бизге 20:56да келип түшкөн. Ал эми өрт 21:28де толугу менен өчүрүлгөн. Кырсыктын келип чыгуусуна электр жабдууларын техникалык пайдаланууда эреженин бузулушу себеп болгон", - деп билдиришти ӨКМдан.
Айта кетсек, кечээ окурман Бишкектеги Горький жана Шабдан баатыр көчөлөрүнүн кесилишинде унаа өрттөнүп жатканын "Элдик кабарга" билдирген болчу.