Бишкек ШИИББи: "Чубак Жалиловдун аялынын арызы боюнча кылмыш иши козголо элек, иликтөө иштери жүрүүдө"

Чубак Жалиловдун аялынын арызы боюнча кылмыш иши козголо элек, иликтөө иштери жүрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 11-декабрда SUPER.KG порталына Бишкек ШИИББинин маалымат кызматы билдирди.

"Учурда арыздын негизинде иликтөө иштери жүрүүдө. Чубак Жалиловдун аялынын чынында "Сезим" кризистик борборуна жардам сурап кайрылгандыгы такталууда", - деп билдиришти Бишкек ШИИББинен.

Айта кетсек, буга чейин Чубак Жалиловдун мыйзамдуу жубайы Гүлнур Жалилова "Сезим" кризистик борборуна күйөөсү коркутуп жатканын жазган арызынын сүрөтү интернетке тарап, талкуу жараткан эле.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Nurbek.kyzy
2017-12-11 18:42:26
Ой тообоо ырчылар десек, ырчылардан да отуп кетиштиго булар
+2
Adiletia
2017-12-12 13:10:46
Nurbek.kyzy,
Чубак ажыны колдогондор кыз биртууганыңарды толколдукка берет белеңер именно чубак ажыга?
0
Patriot7
2017-12-11 18:57:29
Сокенин "эрке баласына" кылмыш ишин козгоого "духунар" жетпей жатат да ээ?!!
+9
Khabib
2017-12-11 19:17:09
Жалган болсо козгой албайтда
0
Makain
2017-12-11 20:07:48
Чала молдо дин бузаар аман эле болгулачы молдолор.
+5
TalaCSKA
2017-12-11 20:11:27
Эки аял алууну колдоп жаткандар озунордун кызынарды же карындашынардын токол болуп бир чала молдого тийип жатканын элестеткиле
+7
altyw95jan
2017-12-11 21:11:49
Чубак молдоке чындыкты кашкайтып айтканы учун эч кимге жакпайт деги эле чындык кимге жакчу эле кыргыздар аман эле болгулачы колунардагы алтындын баркын билбейсинер
-2
Tailgate
2017-12-11 22:15:03
Менимче Гулнур Жалилованын арызында ошол менин атыман билдируу таратып жалаа жапкан адамдарды таап жазалагыла деген болуп журбосун.
-6
medet1983
2017-12-11 22:54:09
Чубак бироого акыл айтса тим эле айдан тушкондой айтат.Озунун аялына балдарына зомбулук кылганы кандай.Озунун башындагы ХХХХ корбой бироонун башындагы чопту корот деп койчу беде?
-1
akskg
2017-12-11 23:46:55
medet1983, эмне зомбулук корсотконун коруп койдунбу?
-2
trabzon11
2017-12-11 23:15:01
Ээй эл журт,эл дурбусо эшек кого дурбуйт болбой,тынчтыкты сактагыла.Чубак ажыга эле асылып калдынар.жон койгула кудай куноосу бар пендени ОЗУ эле жазалап коет
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан