УКМК: "Эл аралык террордук уюмдун мүчөсү кармалды"

2017-жылдын 6-декабрында УКМК тарабынан эл аралык террордук уюмдун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалым болгондой, Н.Х аттуу Кыргыз жараны 1989-жылы туулган. Ал 2016-жылдын ноябрь айынан тарта 2017-жылдын сентябрь айына чейин эл аралык террордук уюмдун мүчөсү болгон. Ал Кыргыз жеринен Сирияга аскер жөнөтүүнү көздөгөнү жана өзү Сириядагы аскердик кыймыл-аракетке активдүү катышып жүргөнү белгилүү болгон.

Учурда КРнын УКМК кызматкерлери тарабынан 226-4-беренеси ("Кыргыз жарандарынын башка өлкөнүн аймагындагы аскердик конфликтке катышуусу") боюнча кылмыш иши козголгон. Ал азырынча убактылуу кармоочу жайда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Akjolmaga
2017-12-11 15:12:57
Кайдагы калпты айтат ушу укмк. Жөөн эли айтып коё берсеңер элдер ишене берет деп ойлойсуңарбы. Кайдагы теракт дөөрүбөгүлөчү XXXX
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан