Баткенде электр эсептегичтерин Өзбекстанга алып өтүү аракетин көрүшкөн үч жаран кармалды

Баткенде электр эсептегичтерин Өзбекстанга алып өтүү аракетин көрүшкөн үч жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 11-декабрда Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 10-декабрь күнү Кадамжай районунун Пылдырак тилкесинде Айдаркен чек ара отрядынын чек арачылары тарабынан үч Кыргыз жараны кармалган. Алар Хундай Портер үлгүсүндөгү унаасы менен 160 даана электр эсептегичтерин көзөмөл-өткөрүүчү жайдан башка жерден Өзбекстанга алып өтүү аракетин көрүшкөн.

Алдын ала маалымат боюнча, аткезчилик жүктүн баасы 300 миң сомду түзгөн. Ал эми кармалгандар административдик жоопкерчиликке тартылып, ар бирине 3 миң сомдон айып салынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
gute
2017-12-11 12:01:51
3 мин сом штраф ))
Контрабанда жолу менен алып отуп жатса анан 3 мин сом эле штраф салып койдунарбы?
0
Asel1Aikol
2017-12-11 12:07:50
Кармалганы жакшы болуптур!Бирок 300 000 сомдук(электр эсептегичтерин) контрабанда жолу менен кармалып жатса 3000 сомдук айып пул аз го !жок дегенде 30 000 сом айып пул салып койсо болмок!
0
Bekboloooot
2017-12-11 12:22:54
Asel1Aikol, чек аранын башчысынада акчасын берип 3миңге түшүрүп ишти жабып салган.
Даже сот тоже в курсе
-1
Bekboloooot
2017-12-11 12:24:27
Үчөө болгондо 100 миңден салуу керек болчуу.
Алып кетип жаткан эсептегичтери 300 миң экен.
Алар 3миң берип кутулуп чыктыбы.
Кайсылдыр бир күн аны кайра сатышат.
-1
Alixan-Nookat.2015
2017-12-11 12:31:56
Мыйзам боюнча ар бир адамга 3 миң сомдон айып пул салынат ал эми кармалган товар бажы кызматына өткөрүлүп берилет.
0
Bolunbo.kyrgyz
2017-12-11 13:05:38
Alixan-Nookat.2015, Анда мыйзамды озгортуш керек экен
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан