Баткенде өлкө аймагына мыйзамсыз тамеки алып кирген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 11-декабрда Бажы кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, "Түштүк" ыкчам бажысынын кызматкерлери тарабынан Исфана-Баткен жолунда (Кызыл-Жол айылы) Т.К.Т. аттуу Кыргыз жаранынын башкаруусундагы Мерседес Бенц 416 үлгүсүндөгү унаа токтотулуп, текшерүүгө алынган.
Аталган унаанын ичинен жүзүмдүн арасына катылган Тажикстандын акциздик маркасы чапталган "LM", "KENT", "Winston" соода маркасындагы тамекилер табылган. Анын жалпы баасы 494 миң 500 сомду түзгөн. Учурда тиешелүү документтер толтурулуп, материалдар Ош облусунун прокуратурасына жөнөтүлдү.