Президент Алмазбек Атамбаев “Дене тарбия жана спорт жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө” мыйзамга кол койду. Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди. Мыйзамды Жогорку Кеңеш 18-апрелде кабыл алган. Ал дене тарбия жана спортту башкаруучу республикалык мамлекеттик органдын ыйгарым укуктарын төмөнкүлөр боюнча тактоону карайт:
- өкмөт белгилеген тартипте дене тарбия, ден соолукту чыңдоо жана спорттук багыттагы коомдук бирикмелерди аккредитациялоо;
- спорттун түрлөрүнүн жана спорттук дисциплиналардын улуттук тизмесин жүргүзүү;
- эл аралык спорттук мелдештерде Кыргызстандын атынан чыгуучу жогорку квалификациялуу спортсмендерди уюштуруу жана даярдоо маселелери боюнча дене тарбия, ден соолукту чыңдоо жана спорттук багыттагы расмий коомдук бирикмелердин ишин координациялоо жана көзөмөлгө алуу. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.