Кара-Көлдө 53 жаштагы жаран аңчылык кылып жүрүп, жүрөгү кармап каза болду

Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында 53 жаштагы жаран аңчылык кылып жүрүп, жүрөгү кармап каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 11-декабрда ӨКМнын маалымат кызматынан билдиришти.

"Жалал-Абад шаарынан келген үч мергенчи Кара-Жыгач тилкесине ууга чыгышкан. Биринин жүрөгү кармап, ал ошол жерден жан берген. Кара-Көл шаардык куткаруу бөлүмүнөн алты кызматкер тоого чыгып, мергенчинин сөөгүн алып түшүштү", - деп айтылат маалыматта.

Куткаруучулар өлгөн адамдын сөөгүн кечки саат тогуздар чамасында милиция кызматкерлерине тапшырып беришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Dalil
2017-12-11 16:08:53
Күнөөсүз жаныбарларды көп ата бербеш керек да.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан