Клиптерине өздөрүнүн балдарын тарткан белгилүү ырчылар

Кыргыз шоу-бизнесиндеги чыгармачыл адамдардын арасында клиптерине өздөрүнүн балдар-кыздарын тарткандардын саны арбын. Алардын айрымдары балдарынын кичинекей кезин тартышса, кээ бирөөлөр бир аз чоңоюп калган учурларын клипке түшүрүшкөн.

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Айчүрөк Иманалиева "Укта, бөбөк" ырынын клибине кызы Аэлитаны тарткан. 2013-жылы тартылган клипте ырчынын кызы 6 жашта болчу.

Ошондой эле Расул Маматкуловдун "Бийле" ырынын клибинен да кичүү кызы Аянанын тартылганына күбө болгонбуз.

Андан соң Анжелика Бекболиеванын "Өмүр багы", "Бактылуумун" деген клиптерин атоого болот. "Өмүр багында" улуу кызы Айым тартылган болсо, "Бактылуумун" ырынын клибине ырчынын үй-бүлөсү, тактап айтканда, жолдошу Урмат, кыздары Айым менен Элима тартылган.

Ырчы Айжамал Кабылованын "Жыпарым" аталышындагы ырынын клибинен да үй-бүлөсүн көрүүгө болот. Тагыраагы уулу менен кызынан сырткары, мурунку жолдошу Азамат да клиптин каарманы болгон.

Назми Байзакова "Кызыма" ырынын клибине өзүнүн улуу кызын тарткан. Учурда мектеп босогосун аттап, окуучу статусуна ээ болгон Альбина клипке тартылып жатканда бешиктеги наристе эле.

Эстрада жылдызы Султан Садыралиевдин да баласына арнаган клиби бар. Тактап айтканда "Балама" ырынын клибинде уулу Акмырза тартылган.

"Клипти Акмырзанын туулган күнүнө арнап тарттыргам. Башында жакшы эле аткарып жаткан, аягында дублдар көбөйүп кетип, ыйлап туруп алган. Ал гана эмес клип тарттырып бүткөн соң балам ооруп, 2 ай молдолорго алып барып дем салдырганбыз", - дейт ырчы.

Ал эми Аваз Акимовдун "Муйдусунан" ырынын клибине шоу-бизнестин белгилүү ырчылары Акбар Сүйүнбаев, Мирбек Иманбеков, Ильяз Абдыразаков жана клипмейкер Эрнист Сыдыков өздөрүнүн балдары менен тартылышкан.

Ошондой эле "60`K" тобунун "Атанын уулу бол", Айпери Кулбаеванын "Сыймыктанган, атанын уулу болгун" ырларынын клиптеринен өздөрүнүн балдарын көрүүгө болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан