2017-жылдын 25-февралында Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевге "коррупция" жана "алдамчылык" беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, ошол эле күнү УКМКнын Тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилген. 26-февралда козголгон кылмыш ишинин алкагында Текебаев менен Чотонов камалган.
Башкы көзөмөл органдын маалыматы боюнча, аларга орусиялык ишкер Леонид Маевскийдин арызынын негизинде иш козголгон. Маевский өз арызында Текебаев "Мегаком" иши боюнча 1 миллион доллар алып, аны кайтарбай койгонун айткан.
16-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан Өмүрбек Текебаев жана мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотонов ар бири күчөтүлгөн режимде 8 жылга эркинен ажыратылган. Аларга карата мүлктөрү конфискацияга алынсын деген прокурорлордун өтүнүчүн да сот канааттандырып, абактан чыккандан кийин 3 жыл мамлекеттик кызматта иштөөсүнө тыюу салынган.
Ал эми 2-октябрда Бишкек шаардык соту, 21-ноябрда Жогорку Сот Өмүрбек Текебаев менен мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновго карата Биринчи Май райондук сотунун өкүмүн күчүндө калтырган.
Жогорку Сот өкүмдөгү 2014-жылдын 27-январындагы чыккан “Адам укуктарынын жалпыга таанылган декларациясынын 65 жылдыгына карата мунапысты" 2011-жылдын 19-июлундагы “Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 20 жылдыгына байланыштуу мунапыска” алмаштырган. Анын негизинде райондук соттун өкүмүндө алардын жаза мөөнөтү мунапыс боюнча үчтөн бирге кыскартылып, тергөө абагындагы өтөгөн жаза мөөнөтү эки күндөн эсептелген.
Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын маалыматына караганда, Өмүрбек Текебаевдин жаза өтөө мөөнөтү 2021-жылдын ноябрь айында аяктайт.
"Өмүрбек Текебаевдин жаза өтөө мөөнөтү 2017-жылдын 26-февралынан тарта башталат. Ага колдонулган мунапыска ылайык, мөөнөтү үчтөн бирге, башкача айтканда, 2 жыл 8 айга кыскарган. Ал эми УКМКнын СИЗОсунда отурган 7 ай 6 күнү эки күндөн эсептелет. Ошондо кыскаргандан кийин 4 жыл калат", - деп билдиришти Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан.
Эгерде соттолуучу Текебаев абактагы мөөнөтүнүн үчтөн экисин өтөп бүтсө, анда жатак абакка которулса болот. Ал күн 2020-жылдын февраль айына туш келет. Ал эми жазасынын үчтөн төртүн өтөп бүтсө, 2020-жылдын июль айында мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотулушу мүмкүн.
Жогорудагы эки учур боюнча Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы алгач тиешелүү материалдарды атайын прокуратурага жөнөтөт. Прокуратура болсо карап чыгып, сотко тапшырат. Мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотулсун же жатак абакка которулсун деген чечимди сот кабыл алат.
Эгерде сот жогорудагы эки учурду канааттандырбаса, Өмүрбек Текебаев 2021-жылдын ноябрь айында жазасын толук өтөп бүтүп эркиндикке чыгат.