Ошто 51 жаштагы жаран маңзаттардын ар кандай түрлөрү менен кармалды

Ошто 51 жаштагы жаран маңзаттардын ар кандай түрлөрү менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 11-декабрда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

"Шектүү жаранда баңгизаттардын ар кандай түрлөрү болгон. Текшерүү иштеринин негизинде 1,45 грамм нашаа, 198 грамм марихуана жана 1 килограмм 855 грамм апийим табылган. Кармалган жаран 51 жаштагы Ош облусунун тургуну болгон. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 247-беренесинин (баңгилик каражаттарды же психотроптук заттарды уурдоо же опузалап талап кылуу) негизинде кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилди", - деп айтылат ИИМдин маалыматында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан