Нарында мыйзамсыз аңчылык кылгандар кармалды (фото)

Мамэкотехинспекциянын Нарын облусу боюнча башкармалыгынын экологдору 1-декабрдан 10-декабрга чейинки аралыкта Нарын облусу боюнча мыйзамсыз аңчылыкка каршы уюштурулган атайын рейддердин жүрүшүндө бир катар мыйзам бузуу фактыларын аныкташкан. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Ак-Сай өрөөнүнүн Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылынын тургунунун сарайынан мыйзамсыз алып жүргөн ИЖ-16 үлгүсүндөгү ок атуучу курал жана 4 суурдун, 1 түлкүнүн териси табылган. Инспекторлор аталган жаранда ок атуучу курал алып жүрүүгө жана аӊ-терилерин чогултууга уруксат кагаздары жок экенин аныкташты.

Ошондой эле Ак-Талаа районунун Жеӊиш айылынын Саз участкасынын тургуну ИЖ-27 үлгүсүндөгү 2 даана ок атуучу курал алып жүргөн жеринен кармалган. Ушундай эле мыйзам бузуу фактысы менен Ак-Талаа районунун Сары-Иймек жайлоосунун Кайыӊды-Булак участкасынын тургуну ТОЗ-8 үлгүсүндөгү ок атуучу курал алып жүргөн жеринен кармалган.

"Аталган жарандар алып жүргөн куралдарынын эч кандай тийиштүү документтери болгон эмес. Жеринде Мамэкотехинспекциянын инспекторлору тарабынан акты, протоколдор толтурулуп, мыйзам бузуу боюнча материалдар тиешелүү органдарга өткөрүлүп берилди", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Rifle_I
2017-12-12 08:48:49
Чөө атса боло береби же уруксат кагаз алыш керекпи ?
0
bond0202
2017-12-12 09:41:57
Rifle_I,уруксат жок,чоолор кызыл китепке киргизилген.арасында кызыл китепке кирбегендери бар ошолорду капкан менее карма,мылтык менен атсан штраф
0
MaksCharbak85
2017-12-12 23:49:21
Биздикилер суур атса кармап протокол толтурушат, башкалар келип аркар кулжаны койушбадыго,
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан