Жалал-Абад. Митингчилер Ош-Бишкек жолун ачыша элек

Бүгүн, 3-июнда укук коргоо органдары сүйлөшүү жүргүзүп, маселени тынчтык жолу менен чечүүгө аракет кылганына карабай Жалал-Абаддагы митингчилер Ош-Бишкек жолун ачкан жок. Аталган жолдун Барпы айыл аймагына караштуу Боз-Чычкан участкасы тосулуу бойдон турат. Ал эми жол ортосуна боз үйлөр тигилген Мойнок айыл аймагында калган жүргүнчүлөр жүктөрүн ташып, тосмодон кийинки турган унаалар аркылуу бара жаткан жолун улап жатышат. Оор жүк ташуучу 1000дей КаМАЗ тизилип турат.
Кызыл-Кыя шаарынан мөмө-жемиш жүктөп келе жаткан Мамат Сатыбалдиев түнкү саат 3төн бери жолдун ачылышын күтүп жатканын айтат: 
"Шеригим менен жолдун ачылышын чыдамсыздык менен күтүп отурабыз. КаМАЗда 13 тоннадай мөмө-жемишибиз бар. Ээлери улам телефон чалып жеткирип беришибизди айтып жатышат. Болбосо мойнубузга ири өлчөмдөгу сумма тагылары анык. Мөмөнү сактоо кыйын, эми бийлик бул маселелерди жолго коюп, жол ачылса экен деп тилеп турабыз". 
 
Ал эми Ош облусунун Өзгөн районунун тургуну Алима Мырзалиева бул жол тосууга макул.
"Өзүмдүн кан басымым көтөрүлүп турат. Азыр эми 3 чакырым жолду жөө басып өтүп Өзгөнгө каттаган таксилерге жетүү керек. Мен басам эле, бийлик ошол камактагы 3 депутатты бошотуп, митингчилердин талабын угуп койсо жакшы болмок",- дейт ал
Эскерте кетсек, митингчилер камактагы 3 депутаттын акталышын жана 31-майдагы баш аламандыкта өзүн "элдик губернатормун" деп жарыялаган Медер Үсөновдун бошотулушун талап кылышып, талаптары аткарылбаса жол ачылбай тургандыктарын билдиришүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан