УКМК: "Медер Үсөновду кармоодо мыйзам бузулган жок"
"Медер Үсөновду кармоодо мыйзам бузулган жок". Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы бүгүн, 3-июнда билдиргендей, Жалал-Абаддагы 31-майда болгон окуялар боюнча козголгон кылмыш ишине карата М.Үсөнов 2-июнда УКМКга алынып келинген. Андан кийинки сурак да Үсөновдун жактоочусунун катышуусу менен жүргүзүлүп, айыпталуучу мыйзамдын чегинде гана убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Буга чейин Үсөновдун жактоочусу УКМК мыйзам бузуу менен анын кардарын камакка алганын айткан болчу. Эске салсак, 31-майда Жалал-Абад шаарындагы баш аламандыкта митингчилер менен бирге облус башчысын иш ордунан кууп чыгып, өзүн "элдик губернатормун" деп жарыялаган Медер Үсөнов 1-июнда УКМК тарабынан кармалып, ага карата кылмыш иши козголгон. Учурда СИЗОдо.