УКМК: "Садыр Жапаров менен Талант Мамытовдун УКМКнын ооруканасына которулушу мыйзамдуу"
"Ата журтчу" депутаттар Садыр Жапаров менен Талант Мамытовду Бишкектеги Ортопедия жана травматология илимий изилдөө борборунан УКМКнын ооруканасына которууда мыйзам бузуу болгон жок. Бул маалыматты УКМКнын басма сөз кызматы 3-июнда билдирди. Аталган 2 депутат аталган жайга которулуп, бул боюнча тараптардан эч кандай арыз даттануу болбогондугун кабарлап, "Кылмышка айыпталуучуларды абакта кармоо шарттары жана эрежелери жөнүндө" КРнын мыйзамына таянып аталган депутаттар ооруканадан которулганын билдирди. Буга чейин депутаттардын жактоочулары аларды которууда мыйзам бузуу болгонун айтып чыгышкан болчу.