Жалал-Абад: Ош-Бишкек жолу тосулган жерде түнкүсүн болуу үчүн 700дөй митингчи калды

Жалал-Абадда Ош-Бишкек жолун тоскон жерде түнкүсүн болуу үчүн 700дөй адам калганын митингдин катышуучусу Шайырбек Ташиев билдирди. Айтымында, талаптары аткарылмайынча митингчилердин таркай турган ою жок. Ошондой эле митинг эртең да улантылмай болду. Айта кетсек, митингчилер 2-июнь күнү кечинде Ош-Бишкек жолунун Барпы айыл аймагына караштуу Боз-Чычкан участкасын тосушуп, 2 боз үй тигишкен. Алар 31-майдагы баш аламандыкта өзүн " элдик губернатормун" деп жарыялаган Медер Үсөновдун жана "ата журтчу" 3 депутаттын бошотулушун талап кылышууда.  

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан