Жалал-Абаддагы митингдин лидерлери тарапташтарын Ош-Бишкек жолун ачууга көндүрүү үчүн Барпы айылынын Боз-Чычкан участкасына жөнөп кетишти. Бул тууралуу аймактык кабарчыбыз Гүлжан Эшбаева Жалал-Абад ОИИБине шилтеме берүү аркылуу билдирди. Айтымында, бүгүн кечке маал жергиликтүү бийлик менен митингчилердин ортосунда экинчи жолку сүйлөшүү жүрүп, анда митингдин активисттери жолду ачтыруу чечимин колдошту. ОИИБи кабарлагандай, жакынкы мүнөттөрдө маселе чечилет.