Баткенде тажик жарандары кыргыз айдоочусунун унаасын таш бараңга алышты

Баткенде кайрадан кыргыз-тажик жаңжалы чыкты. Бүгүн, 3-июнь күнү саат 19:00 чамасында Баткен районунун Ак-Сай айыл өкмөтүнө караштуу Бакай айылында тажик жарандары кыргыз айдоочусу Абдувахап Ниезкуловдун  унаасын таш бараңга алышты. Бул тууралуу Баткен РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти. Окуя Бакай айылынын тургуну Дамаз унаасы менен жайлоодон үйүнө түшүп келе жаткан маалда болгон. Унаа талкаланып, айдоочу эч кандай жаракат алган эмес. Окуядан кийин жергиликтүү бийлик жетекчилери менен Тажикстандын Согдий облусунун ИИБинин башчысынын орун басары сүйлөшүү жүргүзүп, жыйынтыгында маселе чечилди.  Тажик тарап унаасы талкаланган жаранга 10 миң сом айып пул төлөп бермей болду. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан