Жогорку Кеңеш Азимбек Бекназаровдун бийликти күнөөлөгөн билдирүүсүн "жүйөөсүз" деп эсептейт

Коомдук ишмер Азимбек Бекназаров 3-июнда "Кумтөр" боюнча келишимди денонсациялоо тууралуу мыйзам долбоорун кароону белгисиз мөөнөткө жылдыруу үчүн Жалал-Абаддагы митингди уюштурууда" деп бийликти айыптап, билдирүү жасаган. Анын мындай билдирүүсүн Жогорку Кеңеш "жүйөөсүз" деп эсептейт. Эске салсак, “Кумтөр” маселеси парламентте 2013-жылдын 21-февралында каралган. Жыйынтыгында “Жаратылыш ресурстарын рационалдуу пайдалануу, курчап турган чөйрөнү коргоо, өндүрүштүк процесстердин коопсуздугу, калкты социалдык жактан коргоо боюнча нормаларды жана талаптарды “Кумтөр оперейтинг компани” ишканасы тарабынан сакталышын текшерүү жана изилдөө боюнча мамлекеттик комиссиянын ишинин жыйынтыгы тууралуу” Жогорку Кеңештин токтому кабыл алынган. Өкмөткө "Центерра Голд Инк" компаниясы менен 2009-жылдагы “Кумтөр” боюнча келишимди кайра карап чыгуу үчүн 3 ай мөөнөт берилип, 2013-жылдын 1-июнуна карата аткарылган иштер боюнча маалымат берүү тапшырылган. Жогорку Кеңештин токтомунун аткарылышын көзөмөлдөө Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин, Эл аралык иштер боюнча комитетинин, Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин кароосуна жиберилген. Бул комитеттердин аталган маселе боюнча биргелешкен жыйыны 4-июнда болот. 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан