ЖКда мамлекеттик маанидеги иш-чараларга бюджеттен акча бөлбөө сунушу айтылууда

Парламенттин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында депутат Өмүрбек Абдрахманов мааракелик жана салтанаттуу иш-чараларды республикалык бюджеттен каржылоо маселесин көтөрүү менен, бюджет мыйзамына андай иш иш-чараларга каражат карабоо тууралуу атайын жобо киргизүүнү сунуш кылып, той-аштарды кызыкдар адамдардын жеке каражатынын эсебинен өткөрүү туура экенин айтты. Ал эми депутат Элмира Жумалиева менен Надира Нарматова мамлекеттик маанидеги салтанаттуу иш-чараларды өткөрүүгө таптакыр тыюу салып коюуга болбостугун билдиришти. Анткени кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөөгө эбегейсиз салым кошкон Иманалы Айдарбеков сындуу инсандарды эскерүү керек. Алардын өмүрү менен өтөгөн эмгеги кийинки муундарга өрнөк болот. Мааракелерге карата боз үй тигилип, жылкы союлбастан, эскерүү кечелери менен илимий конференциялар өңдүү иш-чараларды өткөрүү талапка ылайык келет. Жыйынтыгында өкмөткө 2013-жылы өткөрүлө турган иш-чаралардын тизмесин тактап, аны парламентте бекитүү тапшырмасын берүү чечимине келишти. Бекитилген тизме бюджеттик жыл аяктаганча өзгөртүлбөй кала бермекчи.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан