4-июнда "элдик губернатор" Медер Үсөновдун баш коргоо чарасы өзгөртүлөт

4-июнда өзүн "элдик губернаторумун" деп жарыялаган Медер Үсөновдун баш коргоо чарасы өзгөртүлөт. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинен билдиришти. Кылмыш-процессуалдык кодексине ылайык баш коргоо чарасын өзгөртүү чечими 48 сааттын ичинде кабыл алынышы керек. Үсөнов 2-июнда кармалган, буга байланыштуу Бишкек шаардык соту 4-июнда чечим чыгарышы керек. Үсөнов тергөө иштери бүткөнчө белгилүү мөөнөткө камалат же үй камагына чыгарыла турганын аталган мекемеден кабарлашты.  

Эске салсак, 31-майда Жалал-Абад шаарындагы баш аламандыкта митингчилер менен бирге облус башчысын иш ордунан кууп чыгып, өзүн "элдик губернатормун" деп жарыялаган Медер Үсөнов 2-июнда УКМК тарабынан кармалып, ага карата кылмыш иши козголгон. Учурда СИЗОдо. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан