3-июнда президент Алмазбек Атамбаев “Балык чарбасы жөнүндө” КРнын мыйзамына толуктоо киргизүү жөнүндө” мыйзамга кол койду. Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдиргендей, мыйзамды Жогорку Кеңеш 25-апрелде кабыл алган. Анда күнжеле форелин жана сырттан алынып келинген жырткыч балыктардын түрлөрүн өстүрүүгө жана инкубациялоого тыюу салуу менен Ысык-Көлдүн балыктарынын эндемиялык түрлөрүн сактоо максатын көздөйт. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.