Буга чейин 2017-жылы бойдокчулук менен коштошуп үй-бүлө курган атактуулар, үй-бүлө очогун тутанта албай ажырашкандар жана жыл ичиндеги оор жоготуулар жөнүндө жазсак, бул ирет жылдын чуу жараткан окуялары тууралуу кеп кылууну туура көрдүк.
Адегенде апрель айында өткөн "Кыргызстан сулуусу-2017" сынагынын чуусун баса белгилөөгө болот. Анткени аталган сынактан соң катышуучулардын бири Алтынай Абдымомунова аттуу кыз уюштуруучу Таттыбүбү Самидин кызы аны эч кандай себеби жок сынакка катыштырбай койгонун айтып, Бишкек шаарынын Октябрь РИИБине арыз менен кайрылган. Мындан кийин аталган сынакта калыстык кылган ырчы Айгерим Расул кызы калыстардын упайы эске алынбай, жеңүүчү болгон сулуу алдын-ала эле тандалганын билдирген. Арадан көп өтпөй уюштуруучу Самидин кызынын сынактын катышуучуларына орой мамиле жасап, концерттин билеттерин сатууга мажбурлап жаткан видео интернетке тараган. Бул тууралуу ал төмөнкүдөй билдирүү тараткан.
"Кыздарды отуруп-тургузуу – бул шакабага алуу эмес, ал тартип. Башка уюштуруучулардай эле билетти катышуучулар аркылуу саттырдым. Себеби катышуучулардын залда отурган күйөрманы болушу зарыл. 3-4 кыз эле толук сатпаса, калганы 2-3төн эле сатышты. Бирок мен аларды сынактан чыгарып салган жокмун", - деген ал.
Сулууларга байланыштуу дагы бир окуя көптүн эсинде калган. Тагыраагы Ливанда өткөн эл аралык "World Next Top Model-2017" сулуулар сынагына Кыргыздын атынан Сусанна Егорян катышкан. Ал сынакта финалга чейин жеткен. Бирок финалда Армениянын өкүлү катары катышып, "Биринчи вице-мисс" аталган. Аны бул сынакка жиберген аталган сынактын уюштуруучусу Таттыбүбү Самидин кызы социалдык тармактардагы талкуулардан кийин өз баракчасына:
"Соңку жаңылыктарды угуп, мен да жаман болдум. Мен Сусаннаны Кыргыз өлкөсүнүн атынан катышууга жибергем, бирок ал өзүнө добуш берген мени, бүткүл кыргыз элин сатып кетет деп ойлогон эмесмин. Сураныч, суроолор болсо мага эмес Егоряндын өзүнө кайрылгыла",- деген билдирүү калтырган.
Ал эми Егорян өзү бул тууралуу "Биринчиден, мени сынакка мамлекет жиберген жок, өзүм кеттим. Экинчиден, сынактын эрежеси боюнча кээ бир учурда өзүбүз көрсөтүп жаткан мамлекеттин, айрым учурда өзүбүздүн улутубуздун атынан чыгуубуз керек эле. Муну менен биз 2 өлкөнүн тең атынан катышууга укуктуу болмокпуз. Мындан улам мага жана өз улутунан башка өлкөнүн атынан катышкан кыздарга экиден лента берилген. Эмнеге мынча ызы-чуу кылып жатасыңар, түшүнбөйм", - деген билдирүү тараткан.
Андан соң ырчы Малика Динанын алдамчылыкка шектелип кармалуусу көпчүлүктүн таң калуусун жаратып, бир топ талкууга алынган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 166 (алдамчылык), 350 (документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды кол менен жасоо, даярдоо, берүү же пайдалануу) беренелери боюнча иш козголуп, "ижарага алган унааны кайтарып бербей, башка адамга сатып жиберген" деп айыпталган. Бирок ырчынын күнөөсү далилденбегенине байланыштуу, ага козголгон кылмыш иши токтотулган.
Кызыгы бул ырчыга байланыштуу чуу жараткан окуя муну менен эле аяктабайт. Малика Динанын жакында эле ырчы Сайкал Садыбакасованын үлпөт тоюнда бир жигит менен бийлеп жаткан видеосу интернетке тарап, катуу талкууга алынган. Интернет колдонуучуларынын негизги темасына айланган видео тууралуу ал өз оюн билдирген.
"Менин эжем, кесиптешим, курбум Сайкал турмушка чыкты. Мындай той дайыма эле боло бербейт. Курбумдун тоюнда бийлеп, көңүл ачтым, анын эмнеси бар? Той дегенди баары эле билишет. Эс алып, ойноп-жыргайсың. Мен жашынып алып жамандык кылган жокмун", - деген ал.
Ал эми жылдын негизги темасына айланган чуулгандуу окуя устат-шакирт Айчүрөк Иманалиева менен Анжеликанын айтышуусу болсо керек. Дегенибиз, бул айымдар тууралуу талкуулардын аягы азыркыга чейин сууй элек. Чырдын башы ыр талашуудан келип чыккан. Алгач Айчүрөк Иманалиева ырчы Анжелика анын ырларын уруксатсыз ырдап жатканын айтып, соңку ирет жаралган "Махабат көлү" чыгармасын да эч кандай суроосуз ырдаганына нааразычылыгын билдирген. Анын бул сөздөрүнөн соң эки ырчынын кайым айтышуусу уланып, ал гана эмес канча жылдан бери коомчулукка айтылбай келген сырларын элге жарыялашкан.
Бул тууралуу Анжелика: "Айчүрөк эже элге "менин кызым" деп тааныштырчу, анан кээде мени сахнага чакырганда Иманалиева деп кошуп коюшчу. "Атасы жок" деп, байкуш кылып көрсөтүп, "чыгармачылыгына жардам кылып койгула" деп ар кимден акча алган күндөрү болгон. Бул сөздөрдү укканда ата-энем жаман акыбалда болушту. Айчүрөк эже мени курал катары колдонду. Анын жанында жүргөндө өзүмдү ырчы эмес, буюм катары сезип кетчүмүн. Турмушка чыкканда жолдошума "сен менин нанымды тартып алдың, мени өмүр бою бак" деп доомат кылган", - деген.
Ал эми Айчүрөк Иманалиева: "Эгер мен чын эле сен айткандай жаман адам болсом, сен ошол жаман адамдын репертуарындагы ырларын ырдабай эле кой. Бирок муну да кылбай коё албайсың. Себеби сен үчүн адамдык касиет эмес, акча бийик турат. Цирктеги өткөн сынакта кантип биринчиликти алганың жана Кытайдагы кылыгың тууралуу өзүң айткандай фактылар менен айта турган болсом сөз көбөйүп кетет. Мен сага тийишпеген соң сен да менден алыс бол", - деп жооп берген.
Ырчы Анжелика менен байланышкан чыр муну менен эле токтоп калбайт. Ноябрь айында косметика каражаттарын чыгарган компаниялардын бири Бишкекте жаңы дүкөнүн ачып, ага орусиялык популярдуу визажист Гоар Аветисян келип, 4 миңдей көрүүчүнүн алдында бишкектик жаш визажисттерге профессионалдык макияж жасоону үйрөтүп мастер-класс өтүп кеткен. Анда Анжелика Инстаграмдагы баракчасына Гоар боёп жаткан модель Айжан Асемованын боёнгонго чейинки сүрөтүн жана видеосун жүктөп көпчүлүктүн талкуусун жараткан. Тагыраагы көпчүлүк ырчыны "Анжелика сүрөттү атайын чыгарды, кадимки аялдар арасында болчу көрө албастык" деп айыптап чыгышкан. Буга ырчы өз жообун берген.
"Биз жашоодо ар кандайбыз. Кимдир бирөөбүз сүрөттөгүдөй сулуу эмес, анча арык эмес, боюбуз кыскараак болушубуз мүмкүн. Мен атайын чакырылган конок катары барып баары сыяктуу эле сүрөткө, видеого тартып баракчама жүктөдүм. Гоар боёнткон модель тууралуу ойлонгон да жокмун. Алдын ала моделдин боёнтконго чейинки сүрөттөрүн чыгарганга болбойт деп айтып коюшса болмок. Мен сыяктуу эле моделдин боёнбогон жүзүн ал жакта жүргөн 3 миңдей адам көрдү. Менде суроо: эмне үчүн моделге катардагы кызды эмес, белгилүү адамды коюп коюшту? Эртеден бери дарегиме таш жаадырып жаткандарды түшүнбөй турам. Визажисттин моделди боёнтуп жаткандагы сүрөтүн чыгарганым үчүн күнөөлүүмүнбү?" - деген ал.
Ошондой эле Мамлекеттик салык кызматы борбордогу тойканаларда мыйзам бузуу менен кызмат көрсөтүп жаткан 67 адамды аныктаган. Алардын арасында Кубаныч Ажыбаев, Айгүл Чалова, Замир Арыкбаев, Асылбек Өзүбеков, Эмил Эсеналиев, Урмат Борченов жана башка тамадалык, ырчылык кылган, сүрөткө, видеого тартуу менен алектенген 67 кишиде уруксат берүүчү документтери, анын ичинде мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүгү, ыктыярдуу патенти жок болуп чыгып, элдин талкуу чордонунда калышкан.
Бул боюнча тамадалардын бири Урмат Борченов: "Менин патентим бар. Бирок биз ар бир тойго аны паспорт сыяктуу көтөрүп жүрбөйбүз. Мамлекеттик салык кызматында иштегендер келип патентимди сурашканда, жанымда эмес экенин айткам. Айып пул салышкан эмес", - деген билдирүү тараткан.
Дагы бир калың элдин эсинде калган окуя алып баруучу Айгүл Курманова социалдык тармактагы баракчасы аркылуу ырчы Алмаз Шаадаевдин жеке концертинде иштеген командага акы төлөй электигин жазып чыкканы болгон.
Алмаз Шаадаев бул боюнча "2015-жылы тушоо кесүү концертимди бергем. Чынын айтсам эл аз кирип, залдын 60 пайызы гана толгон. Жыйынтыгында алып баруучу, бийчи, жарык койгондордун акчасын төлөй албай, алар менен кийинчерээк эсептешкем. Ал эми Айгүл Курманова ошол жерден кетпей туруп алгандыктан апамдан 100 доллар алып берип, дагы 3 миң сом калган. Азыр ошол 3 миң сом үчүн ызы-чуу кылып, элге жарыялап салыптыр. Андан көрө менин өзүмө байланышып, ошол сумманы сураса дароо эле бермекмин. Жалпы элге жарыялаганы үчүн эми таптакыр эле бербей коёюн деп чечтим", - деген оюн айткан.
Буга чейин интернетке "Клара Алибековага ким кол салды?" деген аталыштагы видео тараган. Анда ырчы Клара Алибекованын укук коргоо органдарына ага кол салуу болгондугун айтып берип жатканын көрүүгө болот. Бирок милиция кызматкерлеринин бири ырчыга "Крышаң кетип калган жок беле?" деген суроо узатып, анын айткандарына шылдыңдоо менен мамиле жасаганы тартылган. Бул видеону көргөн ар бир адам кайдыгер калбастан, ырчыны колдоп, шылдыңга алган милиция кызматкерлеринин жазага тартылуусун талап кылышкан. Жыйынтыгында милициянын 3 кызматкери дисциплиналык тартиптин негизинде жоопко тартылганын жана окуя боюнча чогултулган материалдын баары юридикалык баа берүү максатында тергөө органдарына өткөрүлүп берилгендигин ИИМдин басма сөз кызматы маалымдаган.
Интернетке жайылып, кызуу талкуу жараткан дагы бир видео ырчы Мирбек Иманбековго таандык. Тагыраагы интернет айдыңына "Мирбек Иманбековду гитара менен башка чапкан ким?" деген видео кенен жайылып кеткен. Анда ырчы теңтуштары менен отуруп, "Балалык" аттуу чыгарманы гитара менен аткарып жатып жанында отурган баланы жаңсап "бул музыканы түшүнмөк беле?" деп айтканын угууга болот. Ырчынын сөзүнө ызаланган жанындагы шериги Мирбектин колундагы гитараны алып аны башка чаап, гитара талкаланып кеткен. Жыйынтыгында, оюндан от чыгып мырзалардын тамашасы мушташ менен аяктаган. Ырчы менен мушташкан жигит анын Дүйшөнбек аттуу классташы экени белгилүү болгон.
"Балдар менен чогулуп отурганбыз. Кызуулукка алдырып койдук окшойт. Мирбек экөөбүздүн айтышуубуз мушташ менен аяктады. Ал эми видеого арабыздагы кайсы бала, кандай максатта тартып алганын билбейм", - деген ал.
Ал эми жыл аяктап бара жатканда Кенже Көбөкова интернеттеги жеке баракчасына "Кечирип кой" аталышындагы ырын тойдо башка кыздын аткарып жаткандагы видеосун жарыялаган. Анда ал: "Сиңдимсиңби, курбумсуңбу билбейм. Бирок өзүң келип кечирим сурайсың деп ишенем. Менин үнүм менен, мен жаздырган ырды "ырдап" жатасың. Канча эл күбө. Менден башка дагы канча ырчынын үнүн пайдаланасың ким билет?" - деп жазган.
Ырчынын үнү менен ырдап жаткан адам Мээрим аттуу кыз экени белгилүү болгон.
"Мен Кенже Көбөкованын күйөрманымын, ырларын жактырып ырдап жүрөм. Бирок төбөсү көрүнгөн, жалпыга таанымал сахна ырчысы эмесмин. Кээде тойлорго чакыруу болуп калганда "Жар-жар" айтып, ырдап койчумун. Ал эми башкалардын үнү менен ошол тойдо эле ырдагам. Видео жайылып кеткенден кийин Кенже эженин алдынан өтүп, кечирим сурадым. Ал мага жакшы кеңештерин айтты", - деген ал.