super.kg logo

Айчүрөк Иманалиева: "Анжелика, сага жолуктурган күнгө наалат айтам. Цирктеги сынакта кантип биринчиликти алганың, Кытайдагы кылыгың тууралуу айта турган болсо, сөз көбөйүп кетет"

 

Бүгүн, 23-майда Айчүрөк Иманалиева бир кезде өзү тарбиялап өстүргөн Анжелика тууралуу пикирин айтып чыкты. Ал SUPER.KG`ге эмне үчүн ушунча убакыт өткөн соӊ баарын айтып чыкканын түшүндүрдү.

"Ушунча элдин алдында апасы экөө кошулуп, мени каралагандан кийин унчукпай коё албадым. Чынында ушундай ызы-чуудан аябай тажап кеттим. Ага жолуктурган ошол күнгө азыр наалат айтам. Өз үйүмдөн жай берип, балдарыма көрсөтпөгөн камкордукту көрсөтүп, бир топ азаптар менен тарбияласам, акыры мага сыйы ушул болду. Ошол учурда мен кыйналып өстүрүп жатканда азыркы акыл айтып кыйын болгондор кайда эле? Мен ыр талашпайм, ырлар толтура. Болгону кардыма эмес, кадырыма күйүп жаткандыктан баарын ачык айтып, жарылууга туура келди", - дейт Айчүрөк Иманалиева.

Айчүрөк Иманалиеванын өздүк баракчасына жазган билдирүүсү:

"Анжелика, сен менин баламдай элесиң, мен сени атаандаш катары санабайм".
Мен сенин жеке жашооң тууралуу ушул убакка чейин унчукпай келгем. Ушунча элдин алдында мени каралаганыңдан кийин апаң кошулуп мен сени улуу кишилерге тааныштырган деген сөзүңөрдөн кийин гана үн катууга мажбур кылдыңар. Кыскасын айтканда, экинчи энең катары колуңдан жетелеп келип сахнага чыгарып, элге таанытканыма, азыркы жашооңдун түптөлүшүнө салым коштум эле "рахматыңды" жакшы айттың.

Анжелика, сен менин айткандарымды 100 пайыз калп деп жатасың. Баары чындык экенин өзүң жакшы билесиң, сени түшүнөм, актаныш үчүн айтылгандардын баарын калпка чыгаруудан башка аргаӊ жок. "Көргөн жерден чуркап барып, бетинен өөп учурашам" дейсиң, кептин баары эл бар жерде болуп жатпайбы. Эл көрүп турганда чуркап келип учурашып, эл жок жерде жөөлөп өтүп, тымызын кылгылыкты кылгандан кийинки бетимден өпкөнүңдүн кереги жок го деп ойлойм. Мен илгери эле китеп жазып анын ичинен сага да орун берип, сен тууралуу жакшы көз ирмемдерди жазгам. А сен китепче жаздың, мени сыйлаганың чын болсо устатым эле деп бир ооз сөз жазып койдуңбу? Сенин тымызын кылган кылыктарыңды бирден жазбай эле коёюн, өзүң жакшы билесиң. Мени таарынтып, ачуулантып, нааразы кылып аткан ошол кылыктарың экенин да билесиң. Калп эле акчага шылтай бербе. Албетте, акча баарына керек, а бирок биздин мамиледеги тикенек сенин калп сүйлөгөнүңдөн, айлакер, куулугуңдаң, энеңдей болсом да батынып кол көтөргөнүңдөн жаралганын эсте. Адамды акча менен эмес, ак пейил, жылуу мамиле менен ыраазы кылганды үйрөнгүн. Бул менин сага улуу эжең катары берген кеңешим болсун.

Аркамдан болсо ушагыңды токтотпойсуң. Айтканыңды айтпадым деп танмай сага тийиштүү сапат, Анжелика. Жети жашыңда колума келдиң, ошол кезди азыр эстейсиңби? Мен жасагандарымды милдет кылган жокмун, бирок "унутчаак" болсоң эсиңе салайын. Ал кезде мен сага көңүл бургандай, өз балам Аргенге да көңүл бурбагам. Алгачкы клиптериңди тарттырдым, ырларыңды жаздырдым. Ыр асмандан түшө калбасын билип аткандырсың. Сөзүн жазганга, обонун жаратканга, аранжировкасын жасаганга, деги койчу баары акча. Ага ылайыктуу костюм - бул да бир топ каражатты талап кылат. "Бул акчага кызыма ыр жаздыралы" деп же апаң бир сом акча чыгарганбы? Жок! Өзүмдүн кызымдай эле тапканымды сарптап, сенин элге алынышыңа колумдан келген күчүмдү жумшадым. Ырларды радио, телеканалдарга таратуу да чоң түйшүк экенин азыр сезип жатсаң керек? Ошол учурда азыр сени жандап, мактап, мага кыр көрсөтүп жаткан жан-жөкөрлөрүң каякта эле? Өзүм радио-телелерге барып, сенин ырыңды сунуштап чуркаганымдагы кыйынчылыкты, сен эми көчөдөн бир кызды алып, жок талантты бар кылып күчтөп жаратып, атактуу кылып эл алдына чыгарганга аракет жасап көр, анан билесиң.

Элге атың чыгары менен турмушка да чыктың. Ар бир кыздын барар жери күйөө деп бак тиледим. Турмушка чыкканыңдан кийин "эки жыл чогуу иштейли, жер кыдырып концерт коёлу, андан кийин өз алдыңча болсоң бол" деп жайынча айттым. А сен: "Эже, мен такыр эле сахнадан кетем. Урмат ырдабай эле кой, тойлордо ырдаган уят деп жатат, намаз окуйт", - дедиң. Аныңа да макул болдум. Ошол кезде намаз окумакчымын деп оронуп чыга келдиң. Оронгонуңдан да чечип ыргытканың тез болду.

Анан эле "Камбаркан" оркестри менен биргеликте Бакиев Адыл Салиевич жана анын Айбек деген оң колу менен Швейцарияга чогуу кеткениңди уктум. Сахнадан кетем дегениң жөн гана менин эмгегимди тебелеп, өз алдыңча болуу үчүн айткан кезектеги калпың экенин ошондо түшүндүм. Андан кийин деле сахнадан түшпөй ырдап жаттың. Мени алдап ырдабайм дебей, ачык эле сизге иштегим келбейт, кылганыңызга ыраазы болуңуз деп кетсең деле болмок. Эки жыл иштеп бер дегем, ал эки жыл бою иштемек деле эмессиң. Кыргыз өлкөсү анча деле чоң эмес, чоң-чоң шаарларга жылына эки-үч күндөн беш- алты жолу концерт коюу жетиштүү болмок.

Ушундай ирээнжиткен калптарыңдан кийин ачуум менен эмне иш кылып жүргөнүңдү күйөөңө жана массалык маалымат каражаттарына айтам дедим. Ошондон эки жума өтпөй машинабызды талкалап, жолдошум экөөбүзгө кол салуулар болду. Мага телефон аркылуу "Анжелика жөнүндө эми бир сөз айтсаң балдарыңды өлтүрүп кетебиз. Алдагы Аргениңди баӊгизаты менен түрмөгө тыгып эки кулагын, башын кесип пакетке салып алып келип беребиз" дешти. Коркконубуздан экинчи уулум Арленди бир жыл чет мамлекетке качырдык. Ошондогу мен көргөн күндү сага каалабайм, Анжелика!

Американы ачып жатам дебейм, сөз кезеги келгенде айтайын, сени ал убакта Адыл Бакиев менен Айбек "колдоп" жүргөндүктөн арыз жазганыма карабай, көңүл бурулган жок. Кийин гана бийлик алмашканда, күнөөлүүлөр табылды. Апаң балдардан акча алып, "отказной" жазгансың деп атат. Ооба, жазганым чын. Чыңгыз деген бала тааныштарды ортого салып сүйлөшөлү деп чакырды. Алар мага "эже, өзүңүздүн эле кыз, эмне кыл дейсиз эми, балдарды чыгарып бериңиз. Талкаланган машинаңызга, дары-дармекке кеткен чыгымды төлөп берели" деген сөзү сөз бойдон калды. Апаң айткан былчыйган акчаны Кудай турат бир тыйынын көргөн да, алган да жокмун.

"Кенедей кезден коюнуңда жүрүп, чак түштө чаккан жыландан сакта" болгонун билип, "жыландын" кылыгынан жаш жигиттер менен жаман-жакшы көрүнүшпөй эле коёлу дедим. Бирөөлөргө кол көтөрүүгө заказ бергениң, өзүңдүн кол көтөргөнүңө барабар! А көралбастык дегенди айтпа, мен ич күйдүүлүк кылчудай чоң ийгилик жараткан жоксуң. Сенин азыр мактанып жүргөн чүпүрөк-чапырагың менден калган. "Сен мени көрө албайсың" дегениңе таң калдым. Сен менин баламдай элесиң, мен сени эч качан атаандаш катары санабайм.
"Эмнеге үнүм жок болсо ырдаткансыз?" деп социалдык желедеги баракчаңа жаздың, сөз убагы келгенде айтпасаң, сөз атасы өлөт демекчи, жооп берейин, мында сенин айыбың жок, аны апаңдан жакшылап сура. Ошол кезде топтогу балдар Анжеликаны ала берели деп туруп алышкан. Жамааттын ою мен үчүн ар дайым чоң роль ойноп келген. Көрсө, мен концерттен кийин мейманканада калып калганымда, топтогу эркек балдарды апаң коноктоп, колго алган экен...

Бир күнү апаң аябай капа болуп келди "Таласта жакындарыбыздын тоюна Анжелика ырдасын" деп суранып туруп алышты. Макул болуп эл алдына чыгарып койсом, кызым ырдабай көпкө чейин күлүп тура берди. Бир убакта музыканын ыргагына түшө албай, бир куплет бир нерсени обону жок эле сүйлөп салды. Бул эмнеси?" деп аябай ыйламсырады. Ошондо боорум ооруп "мектепти бүткөнүңдөн кийин Москвадагы Щепкин атындагы окуу жайына жиберем. Балким, сенден жакшы актриса чыгар" дегем. Же аны да унуттуңбу? Кийинчерээк үнү ачылып кетеби дегем, бирок ачылбаган бойдон калды.

Элдин батасы менен алып келгенимден кийин орто жолго таштап коюуга элдин кишиси катары адамдык намысым жол берген эмес. Эгер чынында эле үнүң укмуш болсо, эл аралык сынактарга барып байгелүү орундарды алып келип жаткан таланттуу ырчыларга окшоп сен эмнеге сынактарга барбайсың? Эмнеге Кыргыздын атын даңазалап желегин желбирете албайсың? Фонограмма менен ырдап, жалтырак чүпүрөктү жамынып ырдап коюш оңой. Ал эми жаштарды таптап, чет жерге чыгып алдынкы орунду алып келүү башка нерсе. Биздин Маданият министрлиги реформа жасап, той болобу, концертпи фонограмманы жоюп салса, сенин азыркыдай мага тастаңдаганыңды көрөт элем.

Ырчылык өнөр - бул жылтырап кийинип келип өчүк микрофон менен оозуңду кыймылдатып коюп жылдыз болуу эмес. Өзүңдү-өзүң ашкере мактап, интернет баракчаңа чүчкүргөнүңө чейин бөлүшө берип көп адамды ирээнжитип алганыңды өзүң байкабай калдың. Бүгүнкү күндө интернет баракчаңда жазылган туура эмес пикирдин баарын менден көрүп жатасың. Мен элдин баарын сага каршы үгүттөй албайм, өздөрүнүн пикирин жазган адамдарды мен деп ойлогонуңа жол болсун.
Гулина апаң "кызымды килтейген кишилерге салып берерде күйөөгө берип салдым" деп жатат. Ал киши ыраматылык Мухтар Өмүракунов эмес беле. Анда сен 7-8-класста окучусуң. Москвага поезд менен концертке Назми, Сапар болуп чогуу баратып Мухтар менен телефондон сүйүүңөр жөнүндө сүйлөшүп жатканыңды угуп, Назми экөөбүз бири-бирибизди карап тоңуп калганбыз. Мен ошондо билдим экөөңөрдүн жакшы мамиледе экениңерди.

Мухтар дос менин чыгармачылыгымды сыйлап бизди чакырган деп эле ойлогонбуз. Көрсө, иштин маңызы башка жакта экен. Өспүрүм кыз мындай чоң адамдар менен мамиле кылат деп миң уктасам түшүмө кирген да эмес. Бир күнү Мухтар чалды: "Анжелика мага чалып ооруганын айтты, үйүн билбейт экенмин көрсөтүп барып келчи", - деп. "Кызы ооруп жатса Айчүрөк бир басып келген жок деп айтат, жүр досум көрүп келели" деди. Болгону ошо. Кыскасы, энеңдей болуп камкордук көргөн мага кылган мамилеңди өзүң териштир. Эгер, албетте, абийир соту деген сенде жашаса.

Буга чейин да ырларымды ырдадың, "Эжекемдей боломун" деген ырымды концертиңде кыздарыңа ырдаттың. Ошол кезде мамилебиз начар болсо да наристелер үчүн чын жүрөгүмдөн сүйүнүү менен кабыл алдым. 19 жылдан бери аткарып келген "Жар-жар" ырын ырдап чыкканыңда мейличи деп унчуккан жокмун. Эми "Махабат көлү" деген ырымды жаздырып чыктың. Бир ооз эле телефондон "эже, ушул ырды ырдайын деп жатам” деп койсоң, мен кантип жок дейин. Менин аткаруумдагы ырларымды Съездбек Искеналиев, Асема, Асел Кадырбекова, Айгерим Расул кызы жана Алиса деген жаш кыз уруксат сурап эле жакшынакай ырдап жүрүшөт. Анан да бул кылыгыңды айтып койсом "бул ырды сиз ырдадыңыз беле, ырдасаңыз кана видеосу же аудиосун көрсөтүңүз" деп талап кылып чыктың.

Сен ушунчалык элдерди ишендирип сүйлөгөн жагынан алдыңа киши салбайсың. "Махабат көлүн" ырдаган эмессиң, кана болсо көрсөтчү деп мага асылганыңда мен өзүмө-өзүм ишенбей чын эле ырдаган эмесминби деп да ойлоп кеттим. Радиолорго барып архивден таап келгиче жаман акыбалда калдым. Мени ушунча кылып жатасың, сырттан карап турган адамды жөн эле ишендирип коюшуң кеп эмес.

Анжелика, сен мага "Мен жөнүндө жазганыңыз 100 пайызт калп жана "Махабат көлүн" сиз ырдаган эмессиз, бул да калп" дедиң. Сен менин репертуарымдагы бардык ырларды билем десең жаңылышасың, анткени мен популярдуулукка жеткен кезде сен жалаяктагы ымыркай болчусуң, алтыным. Айтыла турган сөз көп, сени башкалар алыстан билишет, алыстан жакшы адамга окшошорсуң. Башка бирөөнүн баласын бапестеп өстүрүп, атын таанытып анан анын ыраазычылыгына жүрөк ооруткан мамилени алуу оор экенин сен эч убакта билбейсиң. Анткени эч убакта башка бирөөнүн баласын өз балдарыңдан өйдө коюп, көңүл буруп, өстүрө албайсың.

Кыскасы, жасай турганыңдын баарын жасадың, кыларыңды кылдың, эми тастаңдап мени менен ыр талашпа. Мен сен жөнүндө эчак эле унуткам, сен да мени жана менин репертуарымдагы ырларды унутуп сал. Эгер мен чын эле силер айткандай жаман адам болсом, сен ошол жаман адамдын репертуарындагы ырларын ырдабай эле кой. Бирок муну да кылбай коё албайсың. Себеби сен үчүн адамдык касиет эмес, акча бийик турат. Жогоруда сен тууралуу айтылгандар мен билген фактылардын жарымы гана. Цирктеги өткөн сынакта кантип биринчиликти алганың жана Кытайдагы кылыгың тууралуу өзүң айткандай фактылар менен айта турган болсо, сөз көбөйүп кетет. Мен сага тийишпеген соң, сен да менден алыс бол".



 
 Тектеш кабарлар 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 8 
Комментарийлер(158)
24.05.2017. 07:44 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
40
Катталган:
22-03-2017
Соӊку аракети:
23-09-2018 17:21
Жынысы:
Белгисиз
+3
Айчурок ырынан чыры коп айым экен Назгул мн Гулнур мн чырылдап озу жаман эле болуп журот сен уже Айчурок болбой калдыыын билсен Анжеликаны анттим минттим деп озундун пайдана иштегенсин да ырларымды ырдайт деп болбой эле калыпсын карыганда калышынды тогуп макул шакиртине капа болсон орозодо кечирип койсон болбойбу эмне кереги бар эле баарын айтыпсын дагы айта элекмин деп коет ушул эже башынан жакпайт да чырылдап соттошуп ыр талашып журот Анжелика деле жакпайт просто керекги соз да
24.05.2017. 08:22 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
15
Катталган:
31-08-2016
Соӊку аракети:
23-09-2018 16:28
Жынысы:
Белгисиз
+9
Экоон тен эле 90% элге жакпайсынар,мойнунарга алгыла.Айчурок апчем убагында Клара Алибекованы да олоо пайдаланып акча тапкан,эскирген буйумдай карабай койгон.Кларада талант бар болчу.Кырзымдын жигиттери ыры менен Кыргызстанды дунгуроткон хит болгон.Озунун кайсы ыры хит болду эле?Анжелика сен оч сенде эч кандай талант жок 0%.Озунду пиарлабай жон эле журчу.Мухтар Омуракунов(раматылык)мамиле кылсан олгон экенсин.Шоферду ээрим дебе,Артисти катыным дебе деген чында.
24.05.2017. 08:42 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
181
Катталган:
14-04-2017
Соӊку аракети:
25-08-2018 19:25
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мммм дааа Мухтар Омуракунов менен мамилеси бар деген имиштер айтылчу... Чын экен даааа....
24.05.2017. 08:53 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
8
Катталган:
18-02-2017
Соӊку аракети:
16-07-2017 15:51
Жынысы:
Белгисиз
+2
билип билбей эле ар кайсыны айта бербегиле да.озулору чечишип алышат.Анжеликаны чыгарса чыгаргандыр Айчурок бирок Анжелика ото аракетчил,эмгекчил айым.бирок ырын сурабай ырдаганы туура эмес болуп калыптыр.Ошол ырды оз ара чечишип алышса болмок.ыр учун илгерки кылыктарын айтып Айчурок аша чаап кетиптир.эмнеси болсо дагы ынтымакта чечишип алат деген умутубуз чон.
24.05.2017. 08:54 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
8
Катталган:
18-02-2017
Соӊку аракети:
16-07-2017 15:51
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бугун Анжеликанын жообун угат экенбиз дааа
24.05.2017. 09:05 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
13-02-2017
Соӊку аракети:
21-05-2018 14:04
Жынысы:
Белгисиз
0
Экоонун бири унчукпай койсо бул тема жабылгыдай.Унчукпай койсон уйдой баледен кутуласын дейт беле
24.05.2017. 09:06 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
7
Катталган:
03-02-2015
Соӊку аракети:
28-07-2018 06:08
Жынысы:
Белгисиз
0
Анжелика бактылуумун деп жар саласын дайыма.Бактына коз тийди окшойт.Чынында Айчурок эжекенин тарбиясын алгансын да.Устатынан шакирти отот болуптур.Айчурок дагы сен дагы жакпайсын.Стилинер бирдей калп кулуп.Менин тааныштарымын кобу силерди жактырбайт.Ушагынар менен эле элдин эсинде калбасанар....
24.05.2017. 09:18 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
72
Катталган:
19-11-2013
Соӊку аракети:
23-09-2018 16:45
Жынысы:
Белгисиз
0
nurizaa,Zahide, порталдын ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер portal@super.kg электрондук дарегине жазылып жөнөтүлүшү керек.
24.05.2017. 09:20 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
24
Катталган:
15-11-2016
Соӊку аракети:
05-02-2018 09:32
Жынысы:
Белгисиз
0
Артистер тойгозду бирин албарсты басса, бириси бирисиникин чукуйт, эртен эми Анжеликасы жооп айтат гарантия, озу негизи айчурок деле кыйраткан адам эмес ошол сени коруп чонойгон кызда Анжелика, бирок негизенен алганда Анжеликанын кылган кылыгы кырк ХХХ оор
Модератор admin_portal түзөттү 2017-05-24 09:25:01
24.05.2017. 09:41 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
75
Катталган:
16-11-2016
Соӊку аракети:
23-02-2018 16:42
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эми урмат изилдейт анжеликанын кантип жургонун эркек киши кыйын болот тымызын
24.05.2017. 10:04 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
24
Катталган:
23-05-2013
Соӊку аракети:
31-07-2018 09:52
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чын чындап келгенде экоонун тен уну жок Айчурок да Анжелика да фонограмма менен ырдайт живой голос деген ноль.абийиринерди ачып элге уят болгончо тынч эле отурбайсынарбы,Айчурок эже ыр талашып жаман корунуп журуп отуп кетмей болдунуз.
24.05.2017. 10:07 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
24
Катталган:
23-05-2013
Соӊку аракети:
31-07-2018 09:52
Жынысы:
Белгисиз
+1
Устаты кандай болсо шакирти да ошол да озу ошондой тарбия берген Эми ээ боло албай олтурат.Тарбияны жакшылап берсе болмок убагында озун тартып жулкунуп жасалма болуп калган Эми мен чонойтком деп айткандай уялсын.Уядан эмнени корсо учканда ошону алат деген эле соз бар го.
24.05.2017. 10:11 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
53
Катталган:
13-11-2013
Соӊку аракети:
06-08-2018 08:53
Жынысы:
Белгисиз
0
Айчурок колундан келсе тенелбе чукушпай эле койгонун он. эми турмуш ким ким экенин озу ордуна койсо керек.
24.05.2017. 10:13 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
53
Катталган:
13-11-2013
Соӊку аракети:
06-08-2018 08:53
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаман болсо да устатын го
24.05.2017. 11:38 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
18-08-2015
Соӊку аракети:
05-09-2017 09:23
Жынысы:
Белгисиз
0
21-кылымдын жылдыздары
24.05.2017. 12:40 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
11
Катталган:
09-11-2012
Соӊку аракети:
11-09-2018 06:26
Жынысы:
Белгисиз
+1
Баардык адам жанылат ! менин оюмча шылтоо 1ыр учун ушунча ызы чуу бул нерсени кутуп тургандай ,ыр чыгаары мн ошол ырга таянып каяктагы создорду жазып чыккан Айчурок эжеге уят !!! Озу айтмакчы Анжеликанын экинчи апасы ,эгер ошол чындык болгондо журогу чыдап мынча созду жазбайт эле!!! Бул жерде ич куйду кобуроок бироонун ийгилигин коро албайт!!!Чындап таланты жок болгон болсо неге мынча ичи ачышып журду турмушка чыкканында? Анжелика сабырдуу бол тенелбе ит уро берет кербен журо берет
24.05.2017. 12:45 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
109
Катталган:
24-11-2008
Соӊку аракети:
21-09-2018 23:44
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+1
Эми ушу жакшы болдубу экоонор уруштунар эмне пайда чыкты ? Же ортодо учурунда болушо албай калган бирдемке барго. Маданият адамдары болгондон кийин маданиятуу болуш керек эле. Мал баксан оозунду майлайт,адамды баксан оозунду канжалайт дегендей болуп калыптыр.
24.05.2017. 13:49 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
43
Катталган:
23-05-2011
Соӊку аракети:
04-06-2018 22:50
Жынысы:
Белгисиз
+2
Тобо ушуга чейин жетпей эле коюшса болмок да. Экоондо тен бар. Бирок Айчурок эже чыр чатакка коп аралашат. ушинтип эле бироого нараазы болуп ыр талашып журот же аягына чыгып далилдеп бере албайт. Озу башка созун обонун жазган автор болсо анда эч кимди суйлотурмок эмес окшойт, ырдап коюп эле менин ырым деп ар ким менен урушуп. Чыныгы авторлордун пейили кенендигин айт.Тарбияладым остурдум дейт, эми ошонун узурун коруп атат.копчулугунор белгилегенинердей эмнени эксен ошону аласын деген соз бар го.
24.05.2017. 13:55 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
9
Катталган:
29-06-2015
Соӊку аракети:
16-08-2018 15:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бири-биринерди кечиришип жашагыла рамазан айы келеатат
24.05.2017. 14:09 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
120
Катталган:
21-05-2016
Соӊку аракети:
22-09-2018 11:42
Жынысы:
Белгисиз
0
Я в шоке!Анжелика Мухтар Омуракунов менен жургон дейбииии?
24.05.2017. 14:10 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
43
Катталган:
23-05-2011
Соӊку аракети:
04-06-2018 22:50
Жынысы:
Белгисиз
0
Айчурок эже Анжеликаны озунун пайдасы кызыкчылыгы учун алып чыккан да,милдет эле кылат мен чыгарбасам ал ким болмок деп,ушунча аракет, амбициясы менен ал деле бир нерсеге жетишмек болуш керек. Клараны да кошуп алып канча пайдаланды.баса ал дагы Айчурок эже куйоосун кызганып уруш чыгарчы деп,айтып чыкпады беле 2-3 мурда.эже негизи коп нерсеге нараазы окшойт,бааланбай унутулуп калдым дейби, иши кылып зериккенде бир дунк болот. Анжелика болсо кичине скромный болсо майда чуйдосуно чн жарыялай бербей
24.05.2017. 14:32 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
43
Катталган:
23-05-2011
Соӊку аракети:
04-06-2018 22:50
Жынысы:
Белгисиз
+1
жана бир айтып кетчу нерсе, Айчурок эженин жаш кезиндеги репутациясы деле таптаза эмес эле го. Анан ошондой тарбия берип чонойткон кыздын кылыгына неге тан калып атат. откон нерсени кайра кайра чукубай, алдыга жылышпайбы. же балдарынан уялышпайт.
24.05.2017. 15:07 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
48
Катталган:
17-12-2014
Соӊку аракети:
05-04-2018 08:58
Жынысы:
Белгисиз
0
Мына бул сериал кызыктууго!
24.05.2017. 16:19 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
64
Катталган:
21-11-2010
Соӊку аракети:
08-05-2018 12:10
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
kirgizstan
0
Kuosu jakshi ayabai jonokoi ichi taza kishige okshoit. Postoyanno biroo mindai bolso tiginisi ushundai bolot emespi jubailarda
24.05.2017. 16:44 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
353
Катталган:
05-01-2016
Соӊку аракети:
18-09-2018 15:59
Жынысы:
Белгисиз
0
Бирин олуп бирин кал просто экооно тен соз жок
24.05.2017. 16:53 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
264
Катталган:
06-03-2017
Соӊку аракети:
20-09-2018 22:16
Жынысы:
Белгисиз
+2
Өзүн актап бирөөнү жамандап өзүң ак көргөзөм деп, өзүнүн акыл деңгээлин көргөзүптүр. Мындан бир канча ай мурун Гүлнур Сатылганованын ырын сурабай уурдап ырдап чыкканын унутканбы бул эже. Кыргызда " Кылба кылсаң милдет кылба " деген жакшы сөз бар. Өзү сүттөн аппак таза болгонсуп тиги кылыгың бул кылыгың деп жалаа жаба берет экенда.
24.05.2017. 18:26 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
79
Катталган:
03-02-2014
Соӊку аракети:
16-01-2018 16:08
Жынысы:
Белгисиз
0
Тобаа дейсин бирок Анжеликанын кылыгына. Озунду карма эсин барда этегинди жап кытайдагыны айтып дагы итинди чыгарат. Аа айткандай Айчурок эжени мактап Анжеликаны жамандагандар силерди да Айчурок эже ошентип жазгыла дебеди бел? (ТАМАША)
24.05.2017. 21:33 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
0
Катталган:
03-05-2017
Соӊку аракети:
30-06-2017 09:05
Жынысы:
Белгисиз
0
Дем албай жазган го коптон бери ойлонуп келе жаткан да эмнесине жазып ийсем деп ...бети жок неме экен айчурок ыр талашып журбоду беле кечоо эле!озунон улууга тийип анжелика деп да айтып чыккак а озучу!унтуп калдыбы?озунон 20жаш улуу чалга тийип аны менен да ызы чуу болуп журду!эми эфирге чакырса келбей бул эмнеси!демек айткандарынын баары калп!коро албагандык бул!наоборот ийгилик каалап койсо олот беле!ичи таар неме экен озун тимеле 25жаштагыдай элестетет окшойт!
25.05.2017. 09:09 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
36
Катталган:
04-04-2017
Соӊку аракети:
19-05-2018 20:54
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Алыс экен
0
Лично мага Анжелика жакпайт.Уну дагы жок.Ошону эл алдына алып чыккан ушул киши болгон.Рахмат айткандын ордуна кундошундой асылыптыр го Анжелика.Аябай хитрая корунот корунушу бут эле жасалма.Озу артта калып уй булосу кыздарын бут публикага чыгарып элди дагы тажатып бутту.Айчурок Эже аран эле тилин тиштеп жургон экен.Кантсе да эне да аны да тушунушу керек.Суу ичкен кудугуна тукурбо деп элде бекеринен айтылбаса керек.Ушу артисттер жаман тойгузду негизи.Дайым скандал буларда.Тынч эле жашайлычы ...
25.05.2017. 14:33 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
9
Катталган:
05-04-2017
Соӊку аракети:
09-06-2017 10:04
Жынысы:
Белгисиз
0
Уну жок болсо жаш кезинде бузулган болсо Айчурок апчебиз шакирт кылып эмнеге алып журду жанында.Апасынын колуна тапшырып бербейт беле.Озуно пайда алып келген учун алып журду да.Анжелика тын кыз экен уй булону ишти алып кетти.Кларачы азыр коруп боорун ооруйт аны да убагында апчебиз пайдаланган да.Кларада ун талант бар болчу.Аны да жамандап чыккан апчебиз.Устатынан шакирти отту деп коет чон кишилер менен жургон болсо апчебиз озу деле 19жашында журбоду беле шакирти озунун эле жолунда.
1
2
3
4
5
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
114548;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: