Сокулук районунда 57 жаштагы жаран дайынсыз жоголуп, изделүүдө. Бул тууралуу маалыматты бүгүн Чүй ОИИБинин маалымат кызматы билдирди.
"Сокулук районунун Новопавловка айылынын Строительная көчөсүнүн №15-үйүнүн жашоочусу Жаныбеков Намас Абдикеримович изделүүдө. Ал 1960-жылдын 24-декабрында туулган. Ушул жылдын 20-апрелинде жогорудагы даректе жайгашкан үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес", - деп билдирет маалымат кызматы.
Өзгөчө белгилери: бою 158-160 сантиметр, салмагы орто, чачы кара түстө, кашы кара, көзү күрөң түстө. Психикалык жактан жабыркайт.
Көргөн билгендер болсо, Чүй ОИИБинин 0 (312) 43-01-27, 0 (312) 43-88-85 издөө бөлүмүнө же Сокулук РИИБинин 0 (312) 60-75-67, 0 (704) 01-23-76, 0 (707) 43-41-70 издөө бөлүмүнө кабарлап коюуларын суранышат.