Шавкат Мирзийоев: "Биздин эң жакын кошунабыз - Кыргыз өлкөсү. Бизде чек ара болбош керек"

Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков менен Өзбекстандын башчысы Шавкат Мирзийоев тар курамда жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Мирзийоев Жээнбековду тосуп алып жатып, 2017-жыл Өзбекстан менен Кыргыз өлкөсүнүн ортосундагы мамилелердеги тарыхый жыл болгондугун баса белгиледи. “Акыркы 6 жылдын аралыгында Алмазбек Атамбаев көп реформаларды жасады. Кыргыз Республикасынын бүгүнкү багытын жалпы эл колдоп жатат. Кыргыз жергесиндеги шайлоолор бүт дүйнөгө бийликти демократиялык жол менен цивилизациялуу өткөрүп берүүнүн мисалын көрсөттү. Кыргыз эли Алмазбек Атамбаев мындан 6 жыл мурун баштаган жолду тандап алгандыгына биз кубанычтабыз. Сиздердин өлкөдөгү президентти шайлоолор бул реформалардын улантыларын көрсөттү. Өзбек эли дагы сиздин жеңишиңизге абдан кубанды”, - деди Мирзийоев.

Ал Өзбекстан үчүн тышкы саясатта кошуналар менен достук мамиле приоритеттүү болуп саналарын өзгөчө баса белгиледи. “Биздин эң жакын кошунабыз - Кыргыз өлкөсү. Бизде чек ара болбош керек, биз таптакыр башка деңгээлде алдыга гана барышыбыз керек. Биз тил табышабыз деп ишенем, ал эми ортодогу маселелерди биз чечебиз. Айрыкча чек арада канатташ жайгашкан райондордун жашоочулары бизден чечимдерди күтүп жатышат”, - деп белгиледи Өзбекстандын президенти.

Мирзийоев өлкөлөр ортосундагы өз ара аракеттенишүү тарыхында товар жүгүртүү мындай деңгээлге жеткен эместигин белгиледи. “Мамилелерди таптакыр башка жаңы деңгээлге чыгарууга саясий эрк болсо көп нерсе президенттерге байланыштуу болот. Биз эл каалаган нерселерди жасап жатабыз. Адамдар бардык жакшы иштерди эртең эмес, бүгүн көргүсү келет”, - деди Мирзийоев.

Сооронбай Жээнбеков расмий иш сапары менен келип кетүүгө чакыргандыгы үчүн Өзбекстандын президентине ыраазычылык билдирди. “Биз алгачкы мүнөттөн тартып салттуу өзбек меймандостугун сездик. Жылуу кабыл алганыңыздар үчүн биз абдан ыраазыбыз. Бул менин мамлекет башчы катары алгачкы расмий сапарым. Биз боордоштук мамилелерди өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө абдан кызыкдарбыз.

2017-жыл - биздин мамилелердеги бурулуш, тагдыр чечкен, тарыхый жыл. Алмазбек Атамбаевдин Өзбекстанга, сиздин Кыргыз жергесине мамлекеттик сапарлар болду. Бул биздин өз ара мамилелерди эң жогорку деңгээлге көтөрдү. Абдан бийик стратегиялык өнөктөштүккө жеткирди. Ал үчүн абдан зор иштер аткарылды. Акыркы жылы жасалгандай иштер чейрек кылымда жасалган эмес. Мен мамлекеттин жаңы президенти катары жетишилген макулдашуулар күчүндө экендигин ырастайм. Элдерибиздин жыргалчылыгы үчүн аларды ишке ашыруу үчүн мен бардык күч аракетимди жумшайм”, - деди Жээнбеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан