Бүгүн, 14-декабрь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
Өлкө жетекчиси Сооронбай Жээнбеков 2 күндүк иш сапары менен Өзбекстанга барды. Кыргыз президенти Ташкентте Өзбекстандын лидери Шавкат Мирзийоев, өлкөнүн премьер-министри жана парламент спикери менен сүйлөшүү жүргүздү. Мирзийоев эки өлкө эң жакын кошуна экендигин айтып, “бизде чек ара болбошу керек, таптакыр башка деңгээлде алдыга жылышыбыз зарыл. Ортодогу маселелерди чечебиз, айрыкча чек ара маселесин", - деди. Өзбек лидеринин бул пикири азырынча жолугушууларда айтыла келген сөз катары кабылданды. Ошентсе да кошуна өлкөлөр бир тилге келип, бул идеяны өнүктүрө алышса, Борбор Азия Шенген аймагындагы Европа өлкөлөрүндөй өз ара чек ара көзөмөлдөрүн жоюуга жетишишсе, бир нече миллиондуу рынокко айлануучу аймак дүйнөлүк ири инвесторлордун дароо көңүл борборуна чыгуусу мүмкүн.
Жээнбеков Өзбекстан лидерине Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы менен ыйгарылган "Данакер" орденин тапшырып кайтты. Акыркы 1 жылда Кыргыз-Өзбек президенттери 3-жолу расмий жолугушту. Бул жагдайды Мирзийоев да баса белгилеп: "Дипломатиялык алакада мындай көрүнүш сейрек учурайт", - деди. Азыркы тапта Кыргыз-Өзбекстандын ортосундагы соода жүгүртүүнүн суммасы 250 миллион долларды түзөт. Жакынкы жылдары бул көрсөткүчтү 500 миллион долларга жеткирүү пландалып жатат. Ташкентте эки тараптуу 6 документке кол коюлду. Кыргыз-Өзбек өкмөттөрү ортосунда экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу тууралуу программа, өлкөлөрдүн Илимдер академиясынын ортосунда кызматташуу тууралуу келишим жана башкалар. Күтүлүп жаткандай эле президенттер Ала-Бука районундагы Орто-Токой суу сактагычы боюнча пикир алышып, суу чарба иштери боюнча ортолук комиссия түзүүнү макулдашты. Мирзийоевдин айтымында, комиссиянын биринчи отуруму жакын арада өтөт. Комиссияга ким төрагалык кылат, Кыргыз тараптан кимдер кирери азырынча белгисиз. 13-декабрда Жогорку Кеӊеште Орто-Токой маселеси каралып жатканда суу сактагычтын 92 пайыз чыгымын Өзбекстан төлөй турганы айтылган. Бирок чыгымдын баасын Кыргыз тарап өз алдынча бычпайт, жогоруда сөз болуп жаткан комиссия аркылуу Өзбек тарап менен бирге аныктайт. Өкмөттүк мекемелердин ортосундагы кызматташууга тийиштүү 6 документти кошпогондо Жээнбековдун Ташкентке сапары Кыргызга кандай пайда алып келгени табышмак. Орто-Токой маселесинин тагдыры 2 ай мурда эле чечилип эми ачыкка чыккан сыӊары Жээнбековдун сапарынын жыйынтыгы да кийинчерээк билинет өңдүү...
"Ата Мекендин" лидери Өмүрбек Текебаевдин адвокаттары адилеттүүлүк издеп Бириккен улуттар уюмуна кайрылат. Юрист Таалайгүл Токтакунованын билдиришинче, Жогорку Соттун Текебаев жана Дүйшөнкул Чотоновго карата өкүмүнөн кийин адвокаттар Бириккен улуттар уюмунун Адам укуктары боюнча комитетине кайрылганы жатат. Юристтер эгер эл аралык сот Текебаев мыйзамсыз соттолгон деп тааныса, президент Сооронбай Жээнбеков ал чечимге көз жума албайт деген ишеничте. БУУнун жогорудагы комитетине буга чейин Кыргыз сотунун бардык инстанциясында Июнь окуясындагы иштерге күнөөлүү деп табылып, өмүр бою эркинен ажыратылган Азимжан Аскаров да кайрылып майнап чыкпаган. Аскаровдун иши БУУнун сунушу менен 2016-жылы кайра каралып, бирок 2017-жылы 24-январда Чүй облустук соту өкүмдү күчүндө калтырган.
Кыргыз бийлиги БУУнун бул аракетин эгемендүү өлкөнүн ички иштерине кийлигишүү катары кабыл алган. Ушул эле окуя Атамбаевдик бийликке Конституцияны өзгөртүүгө жакшы шылтоо да болуп берген. 2016-жылдын 11-декабрында референдум аркылуу Кыргыз Республикасынын Конституциясы өзгөртүлүп, эми өлкө эл аралык адам укуктары боюнча уюмдардын сунуш-чечимдерин аткаруу милдетин жоюп салды. Андыктан Текебаевдин окуясында БУУнун Адам укуктары боюнча комитети “Ата Мекендин” лидеринин абалын өзгөртүп жибериши кыйын. Бирок эл аралык уюмдардан жардам алуу, грант алуу өңдүү иштерде кыргыз бийлигинин баш оорусу болушу мүмкүн. Өмүрбек Текебаевдин командасы жаӊы президент Сооронбай Жээнбековдун жеке сапатына, башкача айтканда, адамгерчилигине да үмүт артууда...
Залкар адамды эскерүү, сый-урмат көрсөтүү, аны баалоо, анын баалуулугун жайылтуу айрым депутаттар үчүн бейитине барып гүл коюу менен эле бүтүп калат өңдүү. Парламент депутаты Рыскелди Момбеков "12-декабрь - Чыӊгыз Айтматовдун туулган күнү эле, унуттуңар" деп кесиптештерине, бийликке капа болду. Момбеков бүгүн Жогорку Кеӊеште: "Мен таң эрте "Ата-Бейитке" бардым. Ким келет экен деп 2 саат күттүм. Бирок президенттин аппаратынан да, өкмөттүн аппаратынан да, Жогорку Кеңештен да эч ким барган жок. Сооронбай Жээнбековдон башка бир киши Айтматовду эскерген жок", - деп күйүп-бышты.
Кесиптешинин сөзүнө таасирленип кеттиби, депутат Камчыбек Жолдошбаев Нарындагы элдин түйшүгүн Айтматовдун чыгармасы аркылуу баяндап, "түндө Ат-Башы районунда 8 жылкынын жетөөсүн Акбара менен Ташчайнар жайлап кетиптир", - деди. Мына ушундай “маселеси” жана тамашасы менен Жогорку Кеңеш өз жашоосун улантып, эл болсо кыштын суугу менен алыша өз турмушун улантууда...