3-июнга карата алынган маалыматка ылайык, Жети-Өгүз районунда болгон митинг учурунда жаракат алган 6 киши ооруканада дарыланууда. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Алардын ичинен 4 адам Бишкекте, экөөсү Ысык-Көл облустук ооруканасында дарыланууда. Көзүнөн жана башынан жаракат алган 2 адамга операция жасалды.