Түркияда адам өлүмүнө шектелген кыргыз кызы 12 жыл 6 айга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу бүгүн, 14-декабрда түркиялык жалпыга маалымдоо каражаттары жазышты.
Маалыматка караганда, тиешелүү өкүмдү Манавгат райондук соту 13-декабрда чыгарган.
Айта кетсек, окуя 2017-жылы 1-мартка караган түнү саат 02:15 чамасында Манавгат шаарчасында болгон. Анда 34 жаштагы Айгүл.Н. аттуу Кыргыз жараны 31 жаштагы Түркиянын жараны Салим.С. менен жолугушуп, спирт ичимдигин ичишкен. Кийин экөөнүн ортосунда уруш чыгып, Айгүл.Н. жанындагы Салим.Сны бычак менен көкүрөк тушка 3 жолу сайган. Ооруканага жеткирилген жабырлануучунун өмүрүн сактап калууга мүмкүн болгон эмес.