Сузак районунда мектеп бүтүрүүчүлөрү мамлекеттик сынак тапшырышууда

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы мектеп бүтүрүүчүлөрү учурда мамлекеттик сынак тапшырышууда. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Сузак райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Абдимажит Орозалиевдин маалыматына ылайык, Жалал-Абад облусунда абал туруктуу. “Бардык билим берүү мекемелери кадимки режимде иштөөдө. 3-июнда 2302 мектеп бүтүрүүчүсү кыргыз тили жана адабияты сабагы боюнча сынак беришип, дил баян жазышты. Ошондой эле 4559 9-класстын бүтүрүүчүлөрү математика сабагы боюнча сынак тапшырышты”,- деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан