"Алтын глобус-2018" сыйлык тапшыруу аземинин уюштуруучулары тарабынан аталган салтанаттын катышуучуларына сөзсүз түрдө кара түстөгү кийим кийүү же ушул өңдөгү аксессуар тагынып келүү талабы бекитилген. Бирок чет элдик басылмалардын жазып чыкканына караганда, белгилүүлөр толугу менен кара түстөгү кийимдерди кийип келүүнү пландашууда. Мунун себеби учурда Голливудда актуалдуу болуп жаткан сексуалдык тийишүүлөргө каршылык көрсөтүү.
"Атактуу актрисалардын баары кара түстөгү көйнөктөрдү кийип келишет. Муну сексуалдык зомбулуктарга каршылык көрсөтүү деп түшүнүүгө болот", - деп жазылат маалыматта.
"Алтын глобус" - жыл сайын кино жана теле жаатында ийгилик жараткан белгилүүлөрдү аныктап, сыйлык тапшыруучу азем. Кезектеги сыйлык тапшыруу салтанаты 2018-жылдын 7-январына белгиленген.
Эскерте кетсек, бир катар актрисалар, моделдер белгилүү продюсер Харви Вайнштейндин аларга карата жасаган сексуалдык мүнөздөгү иш-аракеттерин айтып беришип, Голливудда чуу жаратышкан. Мындан көп өтпөй эле атактуу актёр Кевин Спейси, Дастин Хоффман да ушундай сексуалдык мүнөздөгү иш-аракеттерди жасаганын бир убакта чогуу иштешкен айымдар билдиришкен.