Бүгүн, 15-декабрь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
Өлкөдө 2018-жылдын 1-январынан тарта мамлекеттик жөлөк пул жаӊы мыйзамдын негизинде берилип баштайт. Жогорку Кеӊеш "Кыргыз Республикасында мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө” мыйзамды 2017-жылы июнда кабыл алып, ал кездеги президент Алмазбек Атамбаев кол койгон. Жөлөк пулдун 3 түрү каралууда.
Жаӊы жылдан тарта төрөлгөн ар бир ымыркайга бир жолу 4 миӊ сом сүйүнчү акча берилет. 3 жашка чейинки балдарга ай сайын 700 сомдон жөлөк пул каралат. 3 жаштан 16 жашка чейинкилерге ай сайын 500 сомдон жөлөк пул чыгат, бирок бул баарына эле берилбейт. Эгер үй-бүлөнүн 3 жаштан 16 жашка чейин үчтөн ашык баласы болсо, балдардын баарына эмес, жөлөк пул үчүнчү баладан баштап андан кийинкилерге гана берилет. Мисалы, 5 баласы барлар 1-2-баласына жөлөк пул ала алышпайт. Аталган жаш курагында 2 баласы бар үй-бүлөлөр жөлөк пулга муктаж экенине карабай мамлекеттин колдоосунан ажырайт. Бирок көп баласы бар байлар деле мамлекеттен жөлөк пул ала башташат.
Мурда 16 жашка чыккыча үй-бүлөдөгү дээрлик ар бир балага ай сайын жөлөк пул алуу мүмкүн эле. Жаӊы мыйзам элге текши жакпасы байкалууда. 13-декабрда Нарында жарандар митингге чыгышып, 3 жаштан 16 жашка чейинки балдардын жөлөк пул алуусуна коюлган чектөөгө каршылык билдиришти. Окуянын эртеси премьер Сапар Исаков “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө” мыйзамы боюнча кеӊешме өткөрдү. Анда Исаков айрым үй-бүлөлөр үчүн жөлөк пул жалгыз киреше булагы экенин айтып, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине жөлөк пул алгандардын тизмесинен чыгып кала турган жарандардын абалына талдоо жүргүзүүнү тапшырды. Бул жашоо-шарты оор, бирок мыйзамдын талабына ылайык жөлөк пулдан ажырай турган үй-бүлөлөргө жекече мамиле кылуу аракети. Бирок министрлик 2 аптада аларды аныктап чыгууга үлгүрүшү кыйын. Андыктан жөлөк пулдар боюнча нааразылыктар дагы уланышы мүмкүн.
Жөлөк пул чыныгы муктаждарга эмес, түрдүү жолдор менен жашоо-шарты жетиштүү үй-бүлөлөргө да берилип, мамлекеттик акча натыйжасыз коротулуп жатканы айтылып жүрөт. Жөлөк пул мыйзамы Жогорку Кеӊеште каралып жатканда депутаттар эми байлар дагы жөлөк пул ала баштаарын, бул адилеттүүлүк эместигин айтып чыгышкан. Анда демилгечилер "байлар балдарына жөлөк пул алууга арыз бербеши керек" деп кутулуп кетишкен. Талаштуу жагдайды минтип жарандардын абийирине таштап коюу мыйзамдын аткарылышына күмөн жаратат. Азыркы учурда үй-бүлөдө киреше таппаган эски автоунаа, сыналгы өӊдүү буюмдар болгону үчүн балдарына жөлөк пул ала албай жатканына нааразылар дагы көп. Өлкөдө жылына жөлөк пул төлөөгө 1 миллиард 800 миллион сом керектелет. Бүгүнкү күндө мамлекеттен жөлөк пул алган 400 миӊге жакын үй-бүлө бар. Жаӊы мыйзамдын оӊ жана терс жактары жыл жаӊырганда байкалат...
Жогорку Кеӊеш акыйкатчы Кубат Оторбаевди отставкага кетириши мүмкүн. Бүгүн КСДП фракциясы акыйкатчынын 1 жылдык ишин карады. Оторбаев жыйынга келген жок, буга нааразы болгон КСДПнын депутаттары анын отчётун "канааттандырарлык эмес" деп тапты. "Кыргыз Республикасынын акыйкатчысы жөнүндө" мыйзамга ылайык, эгер Жогорку Кеӊеш акыйкатчынын отчётун "канааттандырарлык эмес" деп тапса, ал мөөнөтүнөн мурда кызматтан алынышы мүмкүн. Кубат Оторбаев эмне үчүн бийликчил фракциядан колдоо таппай калды? Акыйкатчы президенттик шайлоо алдында экс-муфтий Чубак Жалиловдун жана ал кездеги вице-премьер Дүйшөнбек Зилалиевдин элди КСДПнын талапкери Сооронбай Жээнбековго үгүттөөсүн айыптап чыккан. Үгүт жүргүзүүдө талапкерлерге бирдей шарт түзүлбөй жатканын жарыялады. Айрым ЖМКлардын үстүнөн берилген миллиондук доо арыздар өлкөдө сөз эркиндигине көлөкө түшүрүп жатканын да айтып, экс-президент Алмазбек Атамбаевди арыздарын кайтарып алууга чакырган. Ошондой эле Текебаев, Салянова жана башка оппозициялык маанайдагы саясатчылардын соттук отурумдарында бийликтин позициясына дал келбеген билдирүүлөрдү жасап, прокурорлор менен кайым айтышууга чейин барганы да белгилүү. КСДП "канааттандырарлык эмес" деген баа берүүдө ушундай жагдайларды эске алгандыр. Убагында Турсунбек Акун да, Бакыт Аманбаев да акыйкатчылык кызматтан мөөнөтүнөн мурда кетирилген. Турсунбек Акун 2013-жылы кримавторитет Азиз Батукаевдин түрмөдөн бошоп, өлкөдөн чыгып кетүү окуясынан кийин мөөнөтүнөн мурда кызматтан алынган. Ал эми 2015-жылы Аманбаев Жогорку Кеңеш жылдык баяндамасына "канааттандырарлык эмес" деген баа берген соӊ кызматтан бошотулган. Акун менен Аманбаевдин окуясы эми Оторбаевдин мисалында кайталанышы мүмкүн...
Парламенттик комиссия Баткенде жерге берилген мумияны мурдагы ордуна - Мамлекеттик тарых музейине кайтарууну чечти. Сунуш эми комитетте каралат, колдоо тапса мумияны кайра Бишкекке алып келишет. Эске салсак, Тарых музейинде экспонат катары сакталып турган белгисиз кыздын мумиясы быйыл 14-октябрда Маданият министрлигинин чечими менен жерге берилген эле. Буга тарыхчы, археологдор кескин каршы чыгышкан. Илимпоздор мумия изилдениши керектигин, аны кайра казып алып Бишкекке алып келүүнү талап кылышкан. Талаштуу окуя боюнча парламентте жумушчу топ түзүлгөн. Мурдагы маданият министри Түгөлбай Казаков дал ушул мумия чырынан кийин кызматтан кеткен. Ал "кеп мумиянын жаткан жеринде эмес, менин кызмат ордумда" деп билдирген. Казаковдон айырмаланып азыркы маданият министри Султан Жумагулов мумияны мурдагы ордуна кайтаруу чечимин колдоду. Ошентип Казаков жерге берген мумияны Жумагулов ордуна кайтарганы жатат...