“Мамлекеттик органдардын алдындагы коомдук байкоочу кеңештердин ыйгарым укуктарын узартуу жөнүндө” жарлыкка кол коюлду
3-июнь күнү президент Алмазбек Атамбаев “Мамлекеттик органдардын алдындагы коомдук байкоочу
кеңештердин ыйгарым укуктарын узартуу жөнүндө” жарлыгына кол койду. Жарлыкка ылайык,
коомдук байкоочу
кеңештердин торолушунун жаңы этабында өкмөт жана түздөн-түз мамлекеттик аткаруу бийлик органдары
менен кыйла тыгыз жана макулдашылган иш талап кылынат. Ченемдик-укуктук базаны өркүндөтүү боюнча ишти улантуу зарылдыгын, ошондой эле ушуга байланыштуу алдыда боло турган мамлекеттик
органдардын коомдук кеңештерин калыптандыруунун жана ишинин тартибин жөнгө салган мыйзам долбоордун Жогорку
Кеңеште каралышын эске алуу менен аталган жарлык ушул жылдын 31-декабрына чейин узартылды. Жарлык расмий жарыяланган күндөн
баштап күчүнө кирет.