Облустук ИИБинен билдиришкенине караганда, Жалал-Абаддагы митингчилер өзүн “элдик губернатор” деп жарыялаган Медер Үсөновду үй камагына чыгарууну же эч жакка кетпөө тил катын алып коё берүүнү бийликтен талап кылууда. Бул талап аткарылса Ош-Бишкек жолун ача тургандыктарын билдиришүүдө. Эгерде Үсөнов боштулбаса, Барпы айылына чогулгандар 10-июнга чейин Ош-Бишкек унаа жолун тосушарын айтышууда. Анткени ушул күнү камакта жаткан депутат Камчыбек Ташиев боюнча соттук отурум болот. Чогулган эл сот процессинин жыйынтыгын күтүшмөкчү. Айта кетсек, учурда Баатыр энелер жана бир канча аялдар дагы деле Жалал-Абад облустук администрациясынын имаратында отурушат. Алар облус башчысы Жусубали Төрөмаматовду иш ордуна киргизбегендиктен, Төрөмаматов учурда Жалал-Абад ОИИБинин имаратында иш алып барууда.