Кыргызстанда 2013-жылы орточо эмгек акы 13421 сом болору болжолдонууда

Бүгүн ЖКнын Бюджет жана каржы боюнча комитетинин жыйынында КРнын Өкмөтү тарабынан сунушталган "Кыргыз Республикасынын 2013-жылга республикалык бюджети жана 2014-2015-жылдарга божомолу жөнүндө" мыйзам долбоорунун киреше бөлүгү каралды. Экономика министри Темир Сариевдин айтымында, 2013-жылы ички дүң өнүмдүн иш жүзүндөгү өсүшү 7 пайыз болуп, ал 305487,5 миллион сомду түзөт. 2014-жылдагы өсүү 7,6 пайыздын, 2015-жылы 7,8 пайыздын тегерегинде күтүлөт. Ошондой эле 2013-жылы республикалык бюджеттин кирешеси 86288,5 миллион сомду түзөт. 2014-жылы ал 89458,2 миллион, 2015-жылы 96590,7 миллион сом болушу күтүлөт. Ал эми инфляция 10 пайыздын тегерегинде болот. Салык кызматынын төрагасы Исхак Масалиев республикалык бюджеттеги салык кирешесинин көлөмү 2013-жылы 63902,6 миллион, 2014-жылы 72167,4 миллион, 2015-жылы 82458,7 миллион сомду түзөрүн билдирди. Салыктык эмес кирешелердин көлөмү 2013-жылы 14870,5 миллион, 2014-жылы 11747,9 миллион, 2015-жылы 10634,8 миллион сом болот. Андан сырткары Темир Сариев 2012-жылдын такталган бюджетине салыштырмалуу 2013-жылы анын киреше бөлүгү 13 пайызга өсө турганын айтты. Анткени келерки жылдан тарта "Кум-Төр", "Макмал", "Солтон-Сары", "Терек-Сай" алтын кендери толук күчүндө иштеп, дагы бир катар кендер ишке киргизилет. Өлкөдөгү жумуш орундары 2 пайызга көбөйөт деген божомол бар. Орточо эмгек акы 13421 сом болот. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан