"Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында 2018-жылы өтө турган III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын презентациясы өтүүдө

Бүгүн, 15-декабрда "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында 2018-жылы өтө турган III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын презентациясы өтүүдө.

Анда өкмөт башчы Сапар Исаков Кыргыз өлкөсүнүн жарандары III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алдында турганын айтты.

"Биз үчүн бул чоң маанидеги иш-чара. Өзүңөр билгендей, 2012-жылдын август айында экс-президент Алмазбек Атамбаев бул чоң долбоорду дүйнөгө тартуулаган. Ошондон бери 5 жыл өттү. 5 жылдын ичинде Кыргыз өлкөсү да, кыргыз эли да өзгөрдү. Ошондой эле көчмөндөр оюндары бүткүл дүйнөгө жайылып, Кыргыз жеринин атагын чыгарып, өлкөбүз дүйнөгө таанымал болду. Бардыгыңарды бул маанилүү иш-чара менен куттуктайм", - деди өкмөт башчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Muslim_KGstana.
2017-12-15 21:34:40
Ар бир 2 жыл сайын бир мамлекетте канчалаган чон чыгымга болбогон бир оюн откозуу бул ЖАПАЙЫЧЫЛЫК,ЖАПАЙЫЧЫЛЫК,ЖАПАЙЫЧЫЛЫК...
Туристтерди,инвестиция олкого тартабыз,реклама кылтавыз деп ооз менен оттогонунар менен мамлекет пайда корчу эч кандай обьектер жок Кыргызстанда,Бут эле частный бизнесмендердики жана чиновниктердики.
Кыскасы оюнду откозуу АКМАКЧЫЛЫК,АКМАКЧЫЛЫК,АКМАКЧЫЛЫК!!!
+3
Eksvp_1
2017-12-15 23:09:30
Бул Кыргыз элинин келечеги, Кыргыз элинин биригүүсүнө салым кошо турган иш-чара.Бул оюндарды Кыргызстанда жашаган кыргыздардан бөлөк, башка кыргыздар көрөт. Өзбекстан, Кытайдагылар. Хакас, Тыва, Алтай бар. Кыргыздардын Духун ойготуш керек.
-3
nur...nur.
2017-12-15 23:57:39
Эмне кереги бар ушул кочмондор оюнун жыргап жаткансып башка нерсе жокпу жумшай турган
+1
ady-88
2017-12-16 00:23:30
Эмне учун биз эле кочмондор оюнун откоро беребиз миллиондорду чачып. Эмне Казахстан же Татарстан Тува Хакасия республикалары откорсо болбойбу. Качан корсон эле Кыргызстан да эле отуп жаткан озубуздун бюджетке акча жетпей жатканда.
+2
daiyrbek01
2017-12-16 01:28:27
Откозуш керек акча деп отура бербей элдин рухун духун которуш керек кочмондор откорулбосо деле ал акча бироонун чонтогуно тушуп калмак
+1
Too-tash
2017-12-16 04:54:54
daiyrbek01, сенин рухун, духун которулуп жатабы?!! Кана кимге муйуз чыкты айтчы?!! Казынадан ошончо акча уурдай алышпай ушуну ойлоп табышты чондор.....
+1
Leilektik
2017-12-17 23:48:51
Too-tash,сен барып катышып кор оозуна келгенди оттой бербе,мына ушул кок боруну коруп Лейлектен канчалаган жигиттер ат багып,ар тойдо улак берип кыргыздын улуттук оюнун жайылтып жатат,
0
muni.98-98
2017-12-16 01:36:50
Акчанын курук эле бир ХХХ аткаминердин капчыгына тушкончо откорулгону ушул оюндун. Баарибир бул оюн отпосо деле толтура шылтоону айтып казынаны талап алышат 2018-жылдын эсебинен ушул болсо да эсте калсын.
+1
JOM
2017-12-16 08:34:53
Karshi chikkandar,bugunku gun menen jawagan akilsiz,bilimsiz,tar choyrodo chonoygon adamdar dep bilem.
-1
Ulan2601
2017-12-16 13:21:00
Турктор каржылайт бул жолкусун эрте кочмондор оюну белгилуу болуп онугуп кетсе дагы айтмаксынар Кыргыздар биз баштаганбыз деп
-1
admin_superstan
2017-12-18 09:49:26
Too-tash, кимдир-бирөөнүн дарегине карата далили жок маалыматтарды камтыган билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан