Бишкекте акын Алыкул Осмоновго арналган жолугушуу өтөт. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, акынды эскерүү-жолугушуусу 20-декабрь күнү саат 10:00дө Токтогул атындагы адабият жана искусство музейинде өтөт. Ага Осмонов атындагы сыйлыктын лауреаттары, маданиятка эмгек сиңирген ишмерлер, журналисттер жана студенттер катышат.
Алыкул Осмонов - Панфилов районундагы Каптал-Арык айылында 1915-жылы кедейдин үй-бүлөсүндө туулган. Ал жаш кезинен эле ата-энесинен ажырап жетимдиктин азабын да, турмуштун кыйынчылыктарын да башынан өткөрөт.
1935-1950-жылдардын аралыгында ал ондон ашуун ыр китептин ээси болгон. "Таңдагы ырлар", "Жылдыздуу жаштык", "Чолпонстан", "Махабат", "Жаңы ырлар", "Менин жерим - ырдын жери" деген жыйнактары жарык көргөн. "Мой дом" аттуу ырлар жыйнагы 1950-жылы Москвадан орус тилинде басылып чыккан. Бул китеп жалпы союздук окурмандар тарабынан жылуу кабыл алынып, акындын атагын алыска тараткан. Алыкул Осмонов эң мыкты котормочу да болгон. Ал Пушкиндин, Шекспир, Низами, Шота Руставели сыяктуу дүйнөлүк адабияттын алптарынын көркөм дүйнөсү менен кыргыз окурмандарын биринчилерден болуп тааныштырат. Айрыкча улуу акын Шота Руставелинин "Жолборс терисин жамынган баатыр" поэмасынын Алыкул таржымалдаган котормосу аңызга айланып, атпай Ата Журтубуздун бүт булуң-бурчуна жеткен. Шекспирдин "Отелло", "Он экинчи түн" сыяктуу драмаларын да кыргыз көрүүчүлөрү анын котормосу боюнча сахнадан көрүүгө мүмкүнчүлүк алышкан.
Ашкере айкөл, ташкындаган таланттын туз-насиби 35 жылга гана өлчөнгөн экен, залкар акын 1950-жылы 12-декабрда дүйнөдөн кайткан.