Кубан Абдымен: "Жалал-Абаддагы окуялар өлкөнүн парламенттик башкарууга өтүүдөгү эң оор учурун көрсөтүп жатат"
"Жалал-Абаддагы болуп жаткан окуялар өлкөнүн парламенттик башкаруу формасына өтүүдөгү эң татаал, эң оор учурун көрсөтүп жатат",- деп билдирди саясат таануучу Кубан Абдымен. Айтымында, бардык маселелер укуктук талаада гана чечилиши керек жана жол тосуу менен эки тарап тең эч кандай пайда таппайт. "Учурда эки тарап бири-бирин түшүнө албай турган учур."Чыр дөбөдө чыркырашыптыр" дегендей болбой, ийри отуруп түз кеңешүү учурдун талабы. Ош-Бишкек жолун тоскондор терең ойлонушу керек, өздөрүнүн жасаган аракети менен өздөрүнө чоң зыян алып келип жатканын түшүнбөй жатышат. Канчалаган унаалар жүктөрү менен өтө албай токтоп турат, мунун зыянын өзүбүздөн башка эч ким тартпайт",- дейт Абдымен. Ал ошондой эле Жалал-Абаддагы митингдер демократиянын катаал сыноосу экенин да кошумчалады.