"Forbes" журналы жыл ичинде киностудияларга эң көп киреше алып келген актёрлорду атады

"Forbes" журналы жыл ичинде белгилүү киностудияларга эң көп киреше алып келген, ийгиликтүү актёрлордун тизмесин жарыялады. Анда 1-орунду Жереми Реннер ээлеген. Ага ар бир төлөнгөн доллар үчүн белгилүү киностудияларга 93,8 доллардан киреше түшүп турган. Андан кийинки орун актриса Эмма Уотсонго таандык. Киностудиялар ага корогон ар бир доллар үчүн 70 доллардан пайда көрүшкөн. Ал эми 3-орунга ар бир доллар үчүн 66,5 доллар киреше алып келген актриса Скарлетт Йоханссон татыган.

Ошондой эле алдынкы бештикке 46,1 доллар менен Эми Адамс жана 34,4 доллар киреше менен Крис Прэтт кирген.





РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Syn4y
2017-12-16 22:25:45
Дуейн Джонсон тынчыганбы
0
KUBI
2017-12-17 02:51:40
Ак орго ситинин балдары жокко.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан