Бишкек-Ош унаа жолунда кырсыкка кабылгандардын дагы экөөсү каза болду

Бишкек-Ош унаа жолунда 5 адамдын өмүрүн алган жол кырсыгынан жабыркагандардын дагы экөөсү каза болду. Бул тууралуу 16-декабрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан маалымдашты.

Алардын билдирүүсүнө караганда, жаракат алган 3 адам Токтогул райондук ооруканасына жаткырылган. Ал эми каза болгон 7 адамдын жансыз денеси Токтогул райондук ооруканасынын өлүк сактоочу жайына жеткирилген.

Айта кетсек, буга чейин Жалал-Абад ОИИБи Бишкек-Ош унаа жолунда жол кырсыгы катталып, 5 адам каза болуп, 5 адам жаракат алганын билдиришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (16)
madina.87
2017-12-17 01:09:51
Ой кудайым ай!
Кыргыз калбай калатго бул кетиште,чондор тезирээк чара корбойбу ээ ушул жол кыймылына.Самалетту арзандаткыла,праваны сатпагыла,он рулдуу машинаны токтоткула,жолдорго камера орноткула,ошондо азаят беле ушу кырсык!!!
Просто зеенин кейийтда!!!
Каза болгондордун жакындарына сабыр!Башка айла жок!
+16
Akjolmaga
2017-12-17 09:21:20
В лоп сүзүшүптүр кайсынысы встречныйга чыга калды экен, жаман болуптур кудайым эле сактасын. Өзүңөргө ишенбегенден кийин машина айдабай эле койсоңор болмок, канча адамдын өмүрү кыйылып атат
+3
Senator
2017-12-17 01:53:23
Гроб на ходу
+3
Kattaldym
2017-12-17 08:09:20
Senator,на колёсах
0
Senator
2017-12-17 01:54:04
Болуп калдыго степ вагон
+3
KUBI
2017-12-17 02:23:04
Кемчиликтерди айтканда жыйынтык деле чыкпайт.Каза болгондордун бейишин берсин.
+2
Bekovich76
2017-12-17 02:30:00
Правый рулду польный токтотуш керек,бугунтон баштап.Тообо кылдым жандары жаннаттан болсун
+7
Akjolmaga
2017-12-17 09:22:25
Bekovich76, правыйда эмес абайлап айдабаган айдоочуда
+5
raikakyz
2017-12-17 12:00:20
Bekovich76,Орусиянын закону закон десек болот.Он рульду машинаны таксиге койбойт экен.А КРда каамырашпайт,закон иштебейт.Зээнин гана кейийт.Чондорго мансап,бийлик болсо болду.Жаткан жерлери жаннаттан болсун ылайым.
+2
Elitta
2017-12-17 03:44:05
Чондордун оздорунун башына жакын туугандарынын башына бармайын сайын,бул маселени которуп чыкпайт отураберет жалпайып креслодо!
+1
maks94.kb
2017-12-17 07:33:28
Өтө кайгылуу жайлары жаннатта болсун
0
akonia
2017-12-17 07:48:30
Сырттан эски машиналарды киргизууго да тыйуу малыш керекда машинаа элибиздин санынан коп болуп кетти
0
nurhan2702
2017-12-17 09:03:39
Жайлары жаннаттан болсун. Жаман болуптур, оор жаракат алган экен да
0
amirrus
2017-12-17 09:58:10
ДТП тубубузго жете турган болду го
0
Parish
2017-12-17 11:47:01
Заповедниктер тээ алыскы тоолорго кардон куруп,очеред менен жаныбарларды сактоо учун тундоп кундоп турушат.Бишкек Ош жолдоруна дагы дагы будкаларды кобойтуп майи кызматкерлерин тургузуш керек. Шаардын ичинде эле топтолуша бербей.
0
Alinur
2017-12-17 12:08:44
Айдоочулар абайлап айдагылачы. Откондордун жайы жаннаты болсун. Жакындарына сабыр.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан