Кечээ, 16-декабрда Малайзияда өтүп жаткан хоккей боюнча жаштар арасында (U-20) Азиянын чакырык кубогунда Кыргыз хоккейчилери Малайзия курама командасы менен кез келип, 6:1 эсебинде жеңилип калышты. Оюндун алгачкы мүнөттөрүндө Кыргыз хоккейчилери эсепти ачкан менен биринчи бөлүк малайзиялыктардын пайдасына 4:1 эсебинде аяктады. Ал эми экинчи бөлүк 1:0, үчүнчү бөлүк да 1:0 болду. Азыркы тапта Кыргыз хоккейчилеринин эсебинде 6 упай болсо, Малайзияда 9 упай бар.
Бүгүн, 17-декабрда Кыргыз курамы Индия менен беттешет.
Буга чейин Кыргыз курамы БАЭнин хоккейчилерин 10:2 эсебинде, Филиппин курамын 12:4 эсебинде жеңип алышкан болчу.