Бишкекте элди алдап акча алып жүргөн аял кармалды

Бишкек шаарынын милициясы тарабынан 24-октябрь күнү буга чейин бир нече жолу адамдарды алдап акча алып жүргөн кылмышкер кармалды. БИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, милицияга арыз менен бир нече жабырлануучу кайрылган. Көрсө, үстүбүздөгү жылдын жай айында Лев Толстой көчөсүндө жайгашкан мончонун ашканасында иштеген Элиза аттуу айым жабырлануучулардын ишенимине кирип, акчаларын алып качып кеткен. БИИБден маалымдагандай, арыз жазгандардын биринчисинен 7850 сом жана тамак-ашын уурдаса, экинчи жабырлануучудан 2000 сом карызга алып качып кеткен. Ал эми үчүнчү жабырлануучунун 2300 сомго бааланган косметика каражаттарын алып алган.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
samat0094
2012-10-26 14:48:22
алдаган тамак аш болобу айткылачыы???
0
Musio
2012-10-26 16:52:20
Ошондой адамдарга катуу жаза берилсе !! мындай пробалар болбоит!Закондук тарбияны кичинесинен баштаса чоон жара проблемалар болбоит!
0
Volgograd8442
2012-10-26 20:32:10
эмнеге аз ачкча урдаган,урдаганга жараша коп уурдабайбы



0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан