Биз социалдык тармакта

Бишкекте февраль айында башталган 1200 орундуу мектептин курулушу аяктоодо (видео)

Бишкек шаарындагы Гагарин көчөсүндө 1200 окуучуга ылайыкталган №55 мектептин жаңы имаратынын курулушу дээрлик аяктады. Бул тууралуу бүгүн, 13-ноябрда Курулуш министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда имаратты тазалоо жана айланасын көрктөндүрүү иштери жүрүүдө. Мектептин курулушу быйыл февраль айында башталып, республикалык бюджеттин жана Турукташтыруу фондунун эсебинен каржыланды. Жаңы имаратта окуу класстары, лаборатория, китепкана, ашкана жана спорт зал каралган.

"Белгилей кетсек, Курулуш министрлиги тарабынан 2026-жылдын февраль айында Бишкек шаарында 20 жаңы мектептин курулушу башталган. Алардын ичинен жаңы окуу жылынын башталышы менен 10 мектеп пайдаланууга берилген", - деп кошумчаланды маалыматта.

Бишкекте 1200 орундуу мектептин курулушу аяктоодо
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан