Бишкек-Ош унаа жолунун 299-чакырымында 7 адамдын өмүрүн алган жол кырсыгында Токтогул РИИБинин майору аялы жана эки баласы менен каза болгон. Бул тууралуу бүгүн, 17-декабрда Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгына кабылгандардын бешөөсү Аксы районунун Кызыл-Туу айылынын, бешөөсү Токтогул шаарынын тургундары болгон. Кырсык 16-декабрда саат 19:00 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 299-чакырымында, Токтогул районунун Торкен айылында катталган. Анда түндүктү карай өз жолу менен бара жаткан Хундай Клик унаасын түштүктү карай бара жаткан Хонда Степвагон үлгүсүндөгү унаа жолдун карама-каршы тилкесине чыгып сүзүп алган.
Белгилүү болгондой, Хундай Клик унаасында Токтогул РИИБинин майору 37 жаштагы Т. уулу Нургазы 2 баласы менен аялын жана дагы бир жүргүнчүнү унаасына салып бара жаткан. Ага карама-каршы багытта бара жаткан Хонда Степвагон үлгүсүндөгү унаасынын айдоочусу 42 жаштагы А.Кубанычбек 4 айылдашын алып бара жаткан. Жол кырсыгынын натыйжасында Хундай Клик унаасынын айдоочусу Т. уулу Нургазы, анын 12 жаштагы кызы Мырзагүл, 10 айлык баласы Бекмырза, жубайы Ж.Эльнора жана жүргүнчү болуп бара жаткан 54 жаштагы С.Б аттуу аял каза болгон. Ошондой эле Хонда Степвагон унаасынын айдоочусу А.Кубанычбек жана жүргүнчүсү 51 жаштагы Д.Касымкожо каза болгон.
Андан сырткары Токтогул аймактык ооруканасына Хонда Степвагон унаасынын 3 жүргүнчүсү Аксы районунун Кызыл-Туу айылынын тургундары 23 жаштагы Э. кызы А., 32 жаштагы К.С, 38 жаштагы Э.М оор жаракат менен жаткырылган.