Учурда республикадагы бардык окуу жайлар үчүн заманбап окуу китептер, кыргыз тилинин методикалык колдонмолору даярдалып жатат. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Канат Садыков 4-июнда маалымдады. Бүгүн Президенттик аппаратта мамлекеттик тилдин бириктирүүчү жана интеграциялоочу ролун жогорулатуу маселелери боюнча кеңешме болуп өттү. Ошондой эле анда мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Эгемберди Эрматов кыргыз тилинин бириктирүүчү ролун өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду үзгүлтүксүз ресурстар менен камсыз кылуунун зарылчылыгын баса белгиледи.