Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин ырын Азербайжан ырчысы ырдап чыкты

Азербайжандык белгилүү ырчы жана композитор Араз Элсес Кыргыз өлкөсүнүн мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевдин "Кыргызстаным" аттуу чыгармасын кыргыз тилинде ырдап чыкты. Бул тууралуу маалыматты ырчы өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жарыялаган.

"Ушул жылы жай айында Кыргыз өлкөсүндө тартылган клибимди тартуулайм. Сиздерге жагат деген ойдомун. Клиптин астында субтитр түрк тилинде жазылган", - деп жазган баракчасына Элес.

Аталган клип Ысык-Көлдүн жээгинен, Жети-Өгүздөн, ошондой эле Кыргыз жергесинде жайгашкан тарыхый жерлерден тартылган.

Араз Элсес Түштүк Азербайжандын Сулдуз уездинде төрөлгөн. Белгилүү ырчы жана композитор 1997-жылдан бери Норвегияда жашайт.

Араз Элсес - Кыргызстаным
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (23)
Bekzamann
2017-12-18 12:28:57
Сонун!
0
sely
2017-12-18 12:30:49
Билбейм. Президентибизге нааразычылыктарым болсо да ыры аябай жакты тим эле журогунду элжиретет азаматсыз. АЛМАЗБЕК ШАРШЕНОВИЧ.
+6
erkeleim
2017-12-18 12:31:03
Артист эле болсо болмок башынан саясатка аралашып кашасын чыгарбай. Ырлары эмгиче хит болмок беле PSYды басып отуп
+7
KGstan1981
2017-12-18 12:45:56
Эми коросунор бул азербайжан артистине Жээнбеков Атамбаевтин буйругу менен Эрдик же Достук орденин тапшырат.
+13
Aima94
2017-12-18 23:54:13
KGstan1981,)))
0
Azatbek83
2017-12-18 13:56:21
Бири физик экинчиси артист экоосу да президентикке татыбады клоундар!
0
Rysbek91
2017-12-18 15:09:39
Эми Ашаны тойлордон коруп калбасак эле болду.
0
admin_superstan
2017-12-18 15:52:13
Akjolmaga, адамдын намысына шек келтирген билдирүүлөрдү калтыруга тыюу салынган. Эскертүү!
0
etaj_rus79
2017-12-18 16:17:39
Ушул ырды жакшылап аражровкалап кыргыз ырчысы ырдап чыкса зор болот эле
+2
nur_92
2017-12-18 17:33:39
Ушуда ырбы менда ашадан караганда жакшырак жазсам керек уят эле ушуну ыр дештен уялбайбы жон эле ойноп олтуруп суйлоп койгон созго
-6
pondarum
2017-12-18 18:57:55
Сонун аткарыптыр
+1
bakulya2015
2017-12-18 20:22:55
Биздин кыргыз ырчы кыздарыбыздын чачынанда ототго. Ийгилик.
+1
travm
2017-12-18 23:06:04
Ырдын мааниси ото жакшы молодец биздин президент Атамбаев
+1
Zynk.kg
2017-12-18 23:16:09
Ушундай сонун ырды Атамбаев жазганына ишениш кыйын,журокту эзет тим эле.
0
Aima94
2017-12-18 23:55:03
Мынча страшный голос ужас
0
admin_superstan
2017-12-19 09:48:18
Akjolmaga, бирөөнүн дарегине карата далили жок маалыматтарды камтыган билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынат. Жеке айтышууларга жол берилбейт. Коомдук адепке туура келбеген сөздөрдү жазууга тыюу салынат. 5 күнгө БАН!
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан