Бишкек-Ош жолунда 7 адамдын өмүрүн алган кырсыкта жабыркагандардын экөөсүнүн абалы дале оор бойдон калууда

Бишкек-Ош жолунда 7 адамдын өмүрүн алган кырсыкта жабыркагандардын экөөсүнүн абалы дале оор. Бул тууралуу SUPER.KG порталына бүгүн, 18-декабрда Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, учурда жол кырсыгынан жабыркаган 3 адам Токтогул аймактык ооруканасында. 17-декабрь күнү аларга тиешелүү операциялар жасалган.

"Жол кырсыгынан жабыркагандардын бири 32 жаштагы эркек киши эсине келди. Бирок ал дале жандандыруу бөлүмүндө. Ал эми 23 жаштагы аялдын абалы дале оор бойдон калууда. 38 жаштагы эркек кишинин абалы бир аз жакшырып, бүгүн хирургиялык бөлүмгө которулат", - деп билдиришти министрликтен.

Айта кетсек, жол кырсыгы 16-декабрь күнү саат 19:00 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 299-чакырымында Токтогул районунун Торкен айылында катталган. Анда түндүктү карай өз жолу менен бара жаткан Хундай Клик унаасын түштүктү карай бара жаткан Хонда Степвагон үлгүсүндөгү унаа жолдун карама-каршы тилкесине чыгып сүзүп алган. Кырсыктын кесепетинен 7 адам каза болуп, 3 адам ооруканага жеткирилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Dalil
2017-12-18 10:51:08
Аллах оорулууларга шыпаасын берсин.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан